Бир айдын ичинде көмүрдүн баасы дээрлик 5 пайызга кымбаттады

Жазылуу
Көмүрдүн баасы көбүнесе өлкөнүн түштүк аймактарында жогорулаганын байкоого болот. Ал тургай айрым шаарларында 30-50 пайызга чейин кымбаттаган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Өлкө боюнча бир айдын ичинде көмүрдүн орточо чекене баасы тоннасына 4,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте доллардын баасы кайрадан көтөрүлдү
24-декабрга карата эң кымбат көмүр Ноокат (тоннасы — 8 406 сом), Баткен (8 068 сом) жана Исфана (7 797 сом) шаарларында сатылууда. Ал эми эң арзан баа Балыкчы шаарында катталды. Бул жерде бир тонна көмүр алуу үчүн 3 700 сом төлөйсүз. Нарын шаарынын тургундары 3 500 сомдон алууда.

Ошол эле учурда өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече шаарда отундун бул түрү өзгөчө кымбаттаганын байкоого болот. Мисалы, Кербенде баа тоннасына 1 917 сом (51,1 пайыз), Өзгөндө 1 371 сом (30,8 пайыз), Кара-Сууда 500 сом (9,1) сомго жогорулады.

Муну менен катар айрым калктуу конуштарда көмүрдүн баасы мурдагы айдан өзгөргөн жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0