Ташиев: Райым Матраимовдон алынган сегиз батир УКМК кызматкерлерине берилет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБатирлер. Архив
Батирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турак жайлардын жалпы аянты 1309,8 чарчы метрди түзүп, ар биринин чарчы метри 41 973 сомдон 67 699 сомго чейин бааланган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдон алынган батирлердин сегизи чекисттерге берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Матраимов 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна кыймылсыз мүлктөрүн өткөрүп бергенин айтты. Анын ичинде бир соода борбору, тогуз батир бар.

"Соода борборун мамлекетке өткөрүп, андан түшкөн кирешени бюджетке которобуз. Ал эми сегиз батирди УКМКнын кызматкерлерине калтырабыз. Бир турак жайынын аянты чоң, менимче, 280 чарчы метр болсо керек. Анда биздин кызматкерлер жашай албайт, аны бала бакчага же социалдык мекемелерге беребиз. Эки-үч күндүн ичинде өкмөттүн токтому менен аталган мүлктөрдү бөлүштүрөбүз", — деди Ташиев.

УКМК төрагасы алынган турак жайлардын жалпы аянты 1309,8 чарчы метрди түзүп, ар биринин чарчы метри 41 973 сомдон 67 699 сомго чейин бааланганын кошумчалады. Ошондой эле ал Матраимов батирлердин баарын ижарага берип келгенин белгиледи.

Ал эми соода борборун бир чарчы метри башка жакта 1500 доллар экенине карабай, 945 долларга баалап алышканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0