Өткөн суткада COVID 186 кишиден чыгып, үч бейтап көз жумду. Ооругандар Бишкекте көп

© REUTERS / HANNIBAL HANSCHKECOVID-19 тестирлөө борборунун медициналык кызматкери
COVID-19 тестирлөө борборунун медициналык кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 1 418 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 380 ноокастын абалы оор болсо, 78 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 186 кишиден табылса, 309 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 62;
  • Ош – 6;
  • Чүй облусу – 43;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 34;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 11.

Айыккандар:

  • Бишкек – 111;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 100;
  • Ош облусу – 10;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 23;
  • Баткен облусу – 16.

Өткөн суткада оору үч адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен эки адам Бишкек шаарынан болсо, Баткенде бир киши көз жумган.

Бала менен атасы коопсуз бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис коронавирустун жаңы штаммы эмнеге балдарга көп жугарын түшүндүрдү
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 79 845ке жетип, оорудан 73 870 бейтап айыкты. Ал эми каза тапкандардын саны 1 340ка барып калды. Азыркы тапта ооруканаларда 1 418 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 380 бейтаптын абалы оор болсо, 78 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. 

Кечээтен бери жети медиктен коронавирус табылган. Анын ичинен экөө ооруну кызыл зонадан илештирип алганы айтылды. Ошол эле маалда беш ак халатчан дартты жеңип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0