Жалал-Абад шаарынын автоунаа базары көчүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа базарындагы кишилер. Архив
Автоунаа базарындагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол тыгынын алдын алуу максатында унаа базарын шаар четиндеги Спутник кичи шаарчасына көчүрүү пландалууда.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек жана Абдырахманов көчөлөрүндө жайгашкан автоунаа базары көчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков иштеп жаткан унаа базарын жана жаңы пландалып жаткан жерди көрүп чыккан. Билдирүүгө ылайык, жол тыгынын алдын алуу максатында унаа базарын Спутник кичи шаарчасына жылдыруу пландалууда. Учурда бул багытта тийиштүү аракеттер жүрүп, калаа башчысы тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0