БШК президенттикке талапкерлер аттарды кайдан, кандай шартта алганын аныктады

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАт. Архив
Ат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын жумушчу тобу келип түшкөн арыздардын негизинде төрт талапкердин өкүлүн чакырып жагдайды сураган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Региондорго үгүт иши менен барган президенттикке талапкерлерге мингизип жаткан аттар белекке берилбегени аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. 

 

Анын айтымында, кечээ БШКнын жумушчу тобу келип түшкөн арыздардын негизинде төрт талапкердин өкүлүн чакырып жагдайды сураган.

"Бир талапкер кичи мекенине барганда өзүнүн атасынын кымбат баалуу атын миниптир. Талапкердин өкүлү аргымактын документин көрсөттү. Экинчиси атты стадион менен кошо ижарага алганын айтты. Дагы эки талапкер эл менен жолугушууга барганда бирөөнүн атын минип, салтка ылайык ары-бери бастырып кайра ээсине берген. Бул тууралуу талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү айтып, видеосун көрсөттү", — деди Журабаева.

Ошондой эле ал жыйынтыгында талапкерлерге ат мингизүү белекке берүү катары кабыл алынарын, андыктан мындай ыкманы колдонбоо сунушталганын белгиледи.

Мыйзам боюнча талапкерге ыктыярдуу түрдө материалдык колдоо көрсөтүү жана белек берүү анын шайлоо фондусу аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0