Иши токтоп турган Балыкчыдагы фабриканы Россия-Кыргыз фонду каржыламай болду

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев"Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү
Агро Куш канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы Агро Куш канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБелгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган
Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган
1/3
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
2/3
Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
3/3
Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган

Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

Канаттуулар фабрикасы өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыйт, анда инкубатор, тоокторду багуу жана тоок эттерин муздатылган түрдө даярдоо каралган. Ишкана жылына 4,6 миллион бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

"Канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыгын 30 пайызга жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат", — деди Новиков.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ушул жылдын 24-декабрынан тарта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоону калыбына келтирүү боюнча маселе чечилип, тиешелүү график түзүлмөй болду.

Каржылоо башталса ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Пенсия берүү боюнча көйгөй жаралбайт. Новиков жыйын өткөрдү
Иш сапардын жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын жетекчилери өндүрүштү кеңейтүүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтып беришкен.

Жергиликтүү бийлик органдарына кошумча жер тилкесин бөлүү маселесин иштеп чыгуу, ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна өндүрүштү өнүктүрүүнүн кийинки фазаларын каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0