Мегаполистер олимпиадасында Бишкектин окуучулары коло медаль алышты

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын окуучулары мегаполистер боюнча Москва эл аралык V олимпиадасында командалык эсеп менен үчүнчү орунду алышты
Бишкек шаарынын окуучулары мегаполистер боюнча Москва эл аралык V олимпиадасында командалык эсеп менен үчүнчү орунду алышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар блиц-турда күчүн сынашкан, анда ар бир предмет боюнча 20 суроо англис тилинде узатылган. Андан кийин практикалык жана теориялык турлар болгон.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын окуучулары мегаполистер боюнча Москва эл аралык V олимпиадасында командалык эсеп менен үчүнчү орунду алышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын окуучулары мегаполистер боюнча Москва эл аралык V олимпиадасында командалык эсеп менен үчүнчү орунду алышты
Мегаполистер олимпиадасында Бишкектин окуучулары коло медаль алышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын окуучулары мегаполистер боюнча Москва эл аралык V олимпиадасында командалык эсеп менен үчүнчү орунду алышты

Иш-чара онлайн-форматта өткөн.

"Мегаполистердин олимпиадасы 2020-жылдын 16-19-декабрында төрт дисциплина – математика, физика, химия жана информатика боюнча өткөн. Ага ири шаарларда жашаган 14-18 жаштагы балдар катышкан", - деп айтылат маалыматта.

Окуучулар блиц-турда күчүн сынашкан, анда ар бир предмет боюнча 20 суроо англис тилинде узатылган. Андан кийин практикалык жана теориялык турлар болгон. Мегаполистер олимпиадасында берилген тапшырмалар эл аралык олимпиаданын деңгээлине барабар.

Кыргызстандык окуучулар төмөнкү байгелүү орундарга ээ болушкан:

  • Чыңгыз Абдразаков, физика боюнча күмүш медаль;
  • Надежда Ондрина, химия боюнча коло медаль;
  • Тихон Миклухин, информатика боюнча коло медаль.

Бишкектин командасы 2019-2020-окуу жылындагы шаардык жана республикалык олимпиадалардын жыйынтыгы менен тандалып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0