Түркия элчилиги: кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен ачылат

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргыз-түрк "Достук" ооруканасы. Архив
Кыргыз-түрк Достук ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкектеги кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен расмий түрдө ачылып, салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын саламаттык сактоо министри келет. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда айтты.

"Женгиз Камил Фырат пандемия аяктаары менен Түркиянын саламаттык сактоо министри аталган оорукананын ачылышына катышуу үчүн келерин айтты. Ошондой эле аны медицина тармагындагы бир катар ишкерлер коштоп келип, Ысык-Көлдө өтө турган бизнес-форумга катышууну көздөп жатканы белгилүү болду", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Рабочая поездка торага ЖК Таланта Мамытова в Ошскую область - Sputnik Кыргызстан
Курулушу жайында башталган. Мамытов Оштогу жугуштуу илдеттер ооруканасына барды
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан тарабынан оорукананын ачылышына зарыл болгон бардык процедуралар аяктаганын билдиришти.

Эске салсак, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Оорукана негизинен 150 кишиге ылайыкташтырылып, заманбап диагностикалык жабдуулар коюлмак.

Бирок коронавирус күч алган кезде оорукана вируска кабылгандарды дарылоо максатында убактылуу колдонууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0