Өлкөдө баланы өнүктүргөн 50 борбор ачылат

Жазылуу
Мындай чечим мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүп, аларга жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында кабыл алынганы айтылды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.

"Бул документ мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү жана аларга жеткиликтүү шарт түзүү максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Бул өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары өкмөттүн № 363 токтому менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына туура келери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0