18:12 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
99 0 0

Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен тургузулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлгөн. Ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

  • Церемония открытия новой инфекционной больницы в Кадамжае
    Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Церемония открытия новой инфекционной больницы в Кадамжае
    Мекеме бүгүн, 22-декабрда, расмий ачылып, аземге Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келген
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Церемония открытия новой инфекционной больницы в Кадамжае
    Аземге катышкан өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана жалпы өзбек элине ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгилешти
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Церемония открытия новой инфекционной больницы в Кадамжае
    Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен тургузулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлгөн. Ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланган.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
1 / 4
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди

Мекеме бүгүн, 22-декабрда, расмий ачылып, аземге Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келген.

Аземге катышкан өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана жалпы өзбек элине ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгилешти.

Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен тургузулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлгөн. Ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланган.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени салууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулду.

Тема боюнча

Ошто коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага мектеп курулуп, ишке берилди
Оорукана, мектеп курууну айтты. Казакбаев Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту
Белгилер:
оорукана, курулуш, Баткен, Өзбекстан, жардам, ачылыш, азем

ЭҢ МААНИЛҮҮ