"Ала-Тоо" аркылуу түнкүсүн автоунаа өтүүгө болбойт. Кайсы күндөр экени айтылды

Жазылуу
Бишкек мэриясы шаардыктардан утурумдук жараткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады. Жүрө турган жолдорун алдын-ала тактап алууну эскертти.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 21-декабрдан 8-январга чейин кечки саат 20:00дөн 01:00гө чейин Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул чаралар коомдук тартипти, шаардыктарды жана анын конокторунун коопсуздугун коргоо үчүн жасалгандыгын айтышты.

Мындай тартипти киргизген токтомго калаа башчысынын милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кол койгон.

Бишкек мэриясы шаардыктардан утурумдук жараткан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, калаа тургундарына бул күндөрү транспорт менен жүрө турган жолдорун алдын-ала тактап алуу сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0