Жаңы жылдан тарта WhatsApp аркылуу компьютерден чалууга болот

© REUTERS / DADO RUVICWhatsApp логотиби. Архив
WhatsApp логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу обочолонуп жаткан колдонуучулардын өз ара баарлашуусу ыңгайлуу болушу үчүн мессенджерде жаңы опция сунушталды.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. WhatsApp мессенджери 2021-жылдан тарта тиркеменин стол версиясына үн жана видеочалуулар функциясын ишке киргизет. Бул тууралуу "Прайм" жазып чыкты.

Башкача айтканда, жарандар компьютерден да чала алышат. Декабрь айында WhatsApp бул опцияны айрым колдонуучуларга сыноо иретинде берген.

Социальные сети Facebook, Instagram и WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Instagram менен WhatsApp сатылсын! АКШ бийлиги Facebook компаниясын сотко берди
Пандемиянын экинчи толкуну ар кайсы өлкөлөрдөгү көптөгөн адамдарды үйдө отурууга мажбур кылып, ошону менен видеочалуулардын жана онлайн-байланыштын популярдуулугун арттырганы белгиленди.

Дүйнө жүзү боюнча эки миллиарддан ашуун колдонуучусу бар WhatsApp компьютердик чалууларды ишке киргизүү менен видеоконференция кызматтарын көрсөтүүчү Zoom жана Google Meet сыяктуу ири каражаттар менен теңтайлашууга ниеттенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0