Пенсия берүү боюнча көйгөй жаралбайт. Новиков жыйын өткөрдү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга декабрга карата пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүнкү күндө өкмөттүн пенсияны төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды, бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Бул билдирүүнү премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков жыйында айткандыгын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Бүгүнкү күндө өкмөттүн пенсияны төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Мында Мамлекеттик салык кызматы декабрь айы үчүн камсыздоо төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн бардык чараларды кабыл алуусу зарыл", — деген Новиков.

Очереди мигрантов в УФМС - Sputnik Кыргызстан
Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп
Мындан тышкары, ал өкмөттүн тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери аткарыларын айткан.

Маалыматта бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга декабрга карата пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылганы айтылган.

Буга чейин парламенттин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0