04:47 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
501910

Кыргызстанда соңку учурда жаратылышка, жапайы жаныбарларга кам көрүү маданияты калыптанып келе жаткандай. Болбосо, союз кулагандан кийинки жылдары баа жеткис ошол байлыктарды кыргызстандыктар өздөрү эле кырып, жок кылып ала жаздаган.

Кийиктер жарым жыл мурдагы аба ырайын сезерин, илбирстер адамды жакындан көрсө жата каларын жана бүркүт кантип уясын тазалай турганын Ысык-Көлдөгү Сары-Чат – Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунун башкы егери Өмүрбек Курманалиев Sputnik агенттигине курган маегинде айтып берди.

— Аң сакчылык (егерлик) кесипти аркалаганыңызга 19 жылдын жүзү болуптур. Сары-Чат – Ээр-Таштагы жаныбарлар сизге короодогу малдай эле жакын болуп калса керек.

— Албетте. Кам көрүп, карагандан кийин өзүңдүн менчигиңдей аярлап каласың. Коруктун жалпы аянты 150 миң гектарга жакын болгондуктан, баарын караганга мүмкүн эмес, бирок кээ бирлери туулгандан тарта телчиккенге чейин көз алдыңда чоңоет. Учурда Сары-Чат – Ээр-Таштагы канаттуулардан тарта сойлоп жүргөнгө чейинкилерин эсепке алсак, жаныбарлардын 70тен ашык түрү бар.

Мени кошпогондо 14 егерь иштейт. Ар бирине болжол менен 7000 гектарга чукул жер бөлүнгөн. Ошол аймактагы жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө көзөмөл жүргүзүп, карап, камкордук көрүп туруу милдети бар. Кыдырып, күндөлүккө байкоолорун жазып турат. Маалымат чогултат.

Биотехникалык иштерди жүргүзөт, кээ бир жерлерде жаныбарлардын суу иччү жерлерине таш кулайт, аны жөндөйт дегендей. Аркар-кулжаларды санайт, төлдөгөнүн, ээрчитип жүргөн балдарын эсептейт, келгин куштардын келген-кеткенин каттайт. Суурду санайт, чөндөлөйү качан туулганын тактайт. Айтор, ушундай.

Главный егерь государственного заповедника Сары-Чат – Ээр-Таш Омурбек Курманалиев во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ысык-Көлдөгү "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик жаратылыш коругунун башкы егери Өмүрбек Курманалиев маек учурунда

— Айтканыңызга караганда, корукту кыдырып жүрүп синоптиктерсиз эле жарым жыл мурда аба ырайынын, жыл мезгилдеринин кандай болушун билип алат турбайсыздарбы?

— Табият деген өзгөчө бир дүйнө да. Жаратылыш койнундагы жаныбарлар негизи абдан байкагыч келет. Алардын ичинен аркар-кулжаны алалы. Кайсы бир деңгээлде синоптик деп атаар элем. Жаз мезгилинин кандай болушун биз алардын куут (кошулуу) учурунан болжоп, билебиз. Кийиктер жаз оорлоп, май айында кар түшөрүн сезсе, жазгы кардан өтүп, кечирээк төлдөгөндөй болуп кулжадан чыгат. Айбан болсо да улактарынын кырылып калбашына кадимкидей кам көрөт. Ал эми алардын кууту быйыл эрте башталса, демек, жаз эрте келет дей берсе болот. Аркар баласын беш ай көтөрөт. Негизи бул жаныбарлардын кайсы аң-сезими менен эсептеп, беш ай мурда жаай турган карды кантип билип аларына акылым жетпейт. Таң берем.

Алардын дагы бир "синоптиктиги" бар. Кийиктер тээ бийиктен ойдуңга үйүр-үйүрү менен түшүп кетет. Демек, кар же жамгыр жаайт. Ал эми зоого конуп-түнөп жүргөн жаныбар, канаттуулар да ылдыйлай баштаса, демек, катуу шамал болот деп эсептей бериңиз.

Аба ырайынын кандай болорун билиш үчүн жаныбарлардын кыймыл-аракетине карап, ошого жараша иш кылган учурларым болот. Айтып жатпаймынбы, алар синоптиктерден кем калбайт.

Азыркы техникалык мүмкүнчүлүк, негизинен күнүмдүк же бир нече күндүк аба ырайын алдын ала жакындаштырып айтат. Ал эми ар бир жаныбардын жүрүм-турумунан аба ырайын жарым жыл эрте божомолдоп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чөп кандай чыгарын, мал семиз же арык болорун алардын оттошунан да билип алабыз. Азыр биздин синоптиктер алты ай мурдагыны айта албайт.

— Жыйырма жылга чукул егерлик ишиңизде ар бир жаныбардын кулк-мүнөзүн, таң калтырган өзгөчө сапаттарын билип калгандырсыз...

— Асыл сапаттарды негизи жараткан жаныбарларга берген деп ойлойм. Буларга көз салып отурсаң, бирин-бири кадимкидей сыйлаганын байкайсың. Сүйлөгөнгө тили гана жок. Иши кылып, адамда жок сапаттар жаныбарлардан кездешет. Акыл-эс, туюу сезими буларда күчтүү.

Мисалы, ошол эле кийиктер тоонун ары жагындагы дабышты сезет. Коктунун ичинде жайылып бир нерсенин шек-шыбаатын билип калса, экинчи коктуну көздөй тобу менен чуркап, ал жердегилерди кошо үркүтүп, сөзсүз ала кетет. Бул кам көргөнү, сактоого кылган далалаты.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе — булардын айбан болсо да сарамжалдыгы. Биринчи жайытын которуп, жерди эс алдырып, экинчисине алмаштырып турат. Жөн келди тебелей беришпейт. Дагы бир нерсени айтып бергим келип турат. Мисалы, чөптүү, ылымта жерди тийбей, кадимкидей сактап коюшат. Эмнеге дебейсизби? Себеби төлдөгөнгө жакын калганда тууй тургандары ошол жерге келет. Кулжалар же 2-3 жаштагылары, субайлары суугураак тарапта жүрө берет. Туугандан соң балдары чоңоюп калганда, ал жерди башка бооз аркарларга бошотуп чыгып кетишет. Ушундай айтылбаган эрежелери бар. Сырттан караган киши аны байкабашы мүмкүн.

Боорукердик күчтүү буларда. Мисалы, үйүрдөн аркар өлүп козучары жетим калса, ошол эле топтогу башка аркар эмизип, өзүнүн баласына кошуп, экинчи кылып багып алат. Мааратып жалгыз таштап коюу деген буларда жок.

Кээ күндөрү эртең менен туруп карасаң, кордондун короолоруна чейин келип, түптөрүнө сүйкөнүп жүргөндөрүн көрүүгө болот. Жамандык кылбай турган кишилерди сезет. Буларды атканга кандай адамдардын колу барат, билбейм.

Главный егерь государственного заповедника Сары-Чат – Ээр-Таш Омурбек Курманалиев во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Егерь Өмүрбек Курманалиев: Чоң максатым — неберелерим ушул коруктун сакталышына, жан-жаныбарлардын корголушуна салым кошсо дейм. Мени "чоң атабыз жаныбарлардын аман-эсен көбөйүшүнө, экологиянын таза болушуна салымын кошкон" деп билип, ошону түшүнүп калса дейм.

— Дагы кайсы жаныбарлар өзгөчө акылы менен таң калтырат?

— Бүркүт туурасында айтсак, ал да өзгөчө канаттуу. Уясын тоо башындагы үңкүрлөргө салат эмеспи. Алар жыл сайын бир эле уяны байырлай бербейт. Аны бузуп, күнгө жайып, четке жылдырып коет. Мындайча айтканда, келерки жылкыга дезинфекция кылган өңдүү аракеттери да. Дагы бир сапаты бар. Балапандарынан арткан сөөк же башкаларды өзү жейт. Андан калгандарын чапчып алып, алыс жакка учуп барып таштап келет. Айланасына таштаса, сасып, чымын-чиркей болуп кетерин булар да сезет окшойт. Негизи, ал да таза жаныбар.

Бүркүттөрдүн уя салганы да укмуш. Жүн-түктөрдү алып келип, ага эрмен, шыбактарды кошот. Себеби ал чөптөрдүн жытынан улам уядагы балапандарга бүргө сыяктуу мителер жолобойт.

— Мага егердин илбирс менен кез келген учуру кызыктуу болуп жатат...

— Жылына бир-эки жолу бир нече метр аралыктан көрүп, кез келген учурлар болот. Мисалы, мен көрөм деген ишенген күндөрү чын эле кездештирип калам... Илбирс эгер коркунуч жаралбаса кол салбайт. Үч-төрт метрчелик жакын өтүп бара жатсаң, жер менен жер болуп, өңүп, жылтырап жата берет. Аны көбү байкабай эле өтүп кетет. Татырактап катуу качып, чуркабайт. Өтө аяр келет, баскан-турганы билинбейт, бирок бир топ тез жүрөт. Бир аз ирмем мурда дөңдү тегеренип кеткенсийт, артынан чыксаң... таппай каласың.

— Саны канча? Кичине болсо да көбөйдүбү?

— Кичине эмес, жакшы эле көбөйдү. 1995-жылы Кашкаров аттуу адам жоголуп кетет деп көп эмгек кылып ачкан. Азыр ал киши Россияда жолборсту сактоо боюнча иштеп жатат. Ошол мезгилдери биринчи ирет эсептөөнү баштадык. Булар мышык өңдүү жерди тытып туруп, заара кылып, заңдайт. Ал кезде аймакты квадратура менен бөлүп алып, заңдарды терип, анализин Москвага жиберип санап турчубуз. Ошондогу эсебибизде болжол менен беш илбирс болчу. Андан бери бир топ көбөйдү. Учурда азыр башкача ыкма менен санайбыз. Ар бир кырга фотокапкандарды коебуз, андагы темгилдеринен аныктоого болот. Ошол боюнча да анализдеп канча болгонун чыгарып беришет. Акыркы санакта Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик коругундагы илбирстердин саны 47-48 болуптур.

Азыр кыдырганда же туристтер менен чыкканда илбирстин балдарын да көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралып калат. Бирок эмнегедир чоочун көздөргө көп көрсөткүм келбейт. Анын үстүнө кичине кезинде өтө чабал келет. Бир тууганда 3-4 күчүктүү болушат. Өтө алсыз болгондуктан, анын экөө эле тирүү калышы мүмкүн. Бирок өтө сүйкүмдүү. Илбирстер деле адам сымал. Картайгандары маңдай жагынан караганда кадимкидей байкалып турат.

— Сиз тууралуу жаш режиссёр Мээрим Догдурбекова да "Корукчу" деп аталган чакан фильм тартыптыр. Сиз бул сапар борбор калаага эл аралык кинофестивалда байге алган ошол картинанын каарманы катары келген турбайсызбы?

— Ооба, Мээрим Догдурбекова жана анын командасы Сары-Чат – Ээр-Ташка, тээ тоо башына барып, менин эмгегимди чагылдырган кино тартып кетишкен. Тасманы көрүп, өзүмдүн түйшүктүү ишиме сырттан туруп кароого мүмкүнчүлүк болду. Алар кыштын чыкылдап турган суук учурунда, январда барышты. Түйшүктүү иш болду. Ат муздан тайгаланып, иче турган суум тоңуп калып... Айтор, менин кышындагы жашоомдун бир өңүтүн алар өз көздөрү менен көрүштү. Башкысы, менин айтайын деген оюмду, жаратылыштын өзгөчө бир кубулуш экенин, аны сактоого кылган далалатымды Мээрим өзүндөй кылып бериптир. Ал эмгек кинофестивалда "Улуттук мыкты фильм" деп табылды. Салтанатка катышып жатып толкундандым. Албетте, жагымдуу болду.

— Жапайы жаныбарларды колго багып көрдүңүз беле?

— Мектепте окуп жүргөн кезимде улар баккан элем. Бир топ жыл өстүрүп, саны 10го чукулдап калды. Чагымда, 9-класстан окуп калсам керек, бир күнү "эркин жүргөн немелерди эмнеге түрмөгө салгандай кармап жүрөм" деген ой кетип, боорум ооруду. Ошондон кийин жапайы жаныбарды үйгө кармабай калгам.

Чоң максатым — неберелерим ушул коруктун сакталышына, жан-жаныбарлардын корголушуна салым кошсо дейм. Мени  "чоң атабыз жаныбарлардын аман-эсен көбөйүшүнө, экологиянын таза болушуна салымын кошкон" деп билип, ошону түшүнүп калса дейм. Себеби, андай түшүнүк неберелеримдин да жаратылышка болгон аяр мамилесин калыптандырарына көзүм жетет. Негизи корукту кайтарып эле чектелбестен, биз элдин аң-сезимине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаратылышка алар менен бирге кам көрөбүз. Айына бир ирет мектепке барып экология боюнча сабак өтүп турам. Аларга жаныбарлар дүйнөсү туурасында айтып берсең, жомоктой угушат. Демек, алар табиятка аяр мамиле жасоо туурасында ойлонушат.

Главный егерь государственного заповедника Сары-Чат – Ээр-Таш Омурбек Курманалиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Егерь Өмүрбек Курманалиев: аба ырайынын кандай болорун билиш үчүн коруктагы жаныбарлардын кыймыл-аракетине карап, ошого жараша иш кылган учурларым болот.

— Неберелериңизге да айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча жакшы тарбия берет дешти.

— Эки небереме акылы киргенден тарта табиятты коргоо, жок дегенде тегерек-четти таза сактоого аракет кылуу керек деп айтып-дей берчүмүн. Азыр үчүнчү неберем үчкө чыгайын деп калды. Момпосуй жесе же эшиктен, көчөдөн кабыгын көрүп калса, уучтаган бойдон чуркап кирип чоң энесинин же менин чөнтөгүмө салат. Чынын айтсам, тили чыга элек болгондуктан, буга чейин эч нерсе деп деле айткан эмесмин. Баамдасам, өзүнөн улуу агаларын көрүп, ошолордон үйрөнгөн окшойт. Албетте, муну көргөндө кубандык.

Дагы бир неберем "атамдай эколог болом, атам өлүп калса, анын ордуна мен иштейм" деп жүрөт. Аны угуп күлүп калабыз.

— 7000 гектар жерди бир егердин байкоо жүргүзүп, кыдырып чыгуусу кыйын эмеспи?

— Ар ким өзүнө тиешелүү аймакты бир нече күндө кыдырып чыгат. Ал жерге байкоо жүргүзүү эң кызык иштердин бири. Кээде жаныбарлардын жашоосуна кызыгып, аны-мунусун сүрөттөп жазып, кызыгына батып бир топ убакыт да отуруп каласың. Алардын бири-бирине жасаган мамилеси, коргонуусу, эс алганы, тамак жегени, айтор, көп нерсени көрүүгө болот. Өзүнчө бир дүйнө. Ат менен кетип баратып кырга чыга калсаң, көз алдыңда жайылып жаткандарын көрөсүң. Укмуш эми!

— Илбирс менен туристтерди тартууга болобу?

— Кызыккан чет элдиктер болууда. Былтыр америкалык үч ири компаниянын өкүлдөрү илбирс көрүүгө келчүлөрдү тейлеген фирма ачууга ниеттенишкен. Быйыл жайда база салууну пландап жатышат. Илбирсти көрөм деп тээ океандын ары жагынан жол басып келип, 2-3 күн күтүүгө кайыл болгондор бар экен.

— Ушундай баалуу аймакты кайтарып, кам көргөн егерлердин айлыгы тууралуу сурасак?..

— Илбирсти сактоо боюнча 13 мамлекеттин ичинен 3-орунга чыкканбыз. Бул жакшы көрсөткүч, Кыргызстандын жүзү десек да болот. Бирок биздин жашообуз катаал жерде. Азыр айлыгыбыз 7000 сом. Эгерде Бишкекке келип-кетебиз десек, ошого гана жетет. Тоолуу аймак үчүн кошула турган акчанын 30 пайызга жакынын карашыптыр. Тарификация боюнча 75-80 пайыз кошулушу керек эле. Жогору жактагылар "ана, мына, эми болот" деп келишет. Июнда дешти эле, пандемиядан улам токтоп калды дешти. Бул жагыбыз, тилекке каршы, начар.

Главный егерь государственного заповедника Сары-Чат – Ээр-Таш Омурбек Курманалиев во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Егерь Өмүрбек Курманалиев: Браконьерлердин каршылык көрсөтмөк тургай, алып келип протокол түзүп, айып пулга өткөргөндө прокуратурага чейин тааныштарын салып, кайра бизди күнөөлүү кылып чыгарган учурлар болгон. Азыр интернет жакшы жардамчы болуп калды. Фотоаппаратка, телефонго тартып, жиберип ийсең жеңил болот.

— Сиздер карап, кам көргөн жаныбарлардын душманы адам болгон учурлар арбын кездешет. Алар менен кез келишкен учурлар болобу?

— Болгон. Кармагандан кийин каршылык көрсөткөндөр болот. Каршылык көрсөтмөк тургай, алып келип протокол түзүп, айып пулга өткөргөндө прокуратурага чейин тааныштарын салып, кайра бизди күнөөлүү кылып чыгарган учурлар болгон. Азыр интернет жакшы жардамчы болуп калды. Фотоаппаратка, телефонго тартып, жиберип ийсең жеңил болот.

Жана сиз сураган фотокапкандын оң таасири бизге абдан тийип жатат. Биз менен кошо кайтарышат десек да болот. Кишилер өтчү жерлерде ошол фото, видеокапкандар коюлган. Аны чочун адамдар байкабайт. Кээде мыйзамсыз жүргөндөр да түшүп калат. Бул бизге даяр факты.

Жапайы жаратылышты коргоо дүйнөлүк фонду (WWF) (Россия) жана Илбирсти сактоо боюнча иштеген эл аралык дагы бир фонд (SLT) (Америка) менен иштешебиз. Фотокапкандарды, фотоаппарат, камераларды ошолордун күчү менен алабыз.

Тема боюнча

Ысык-Көлдө егерь менен экологду атып салам деп коркуткан кишинин видеосу тарады
Белгилер:
Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу, егерь, маек

ЭҢ МААНИЛҮҮ