Бишкектеги ыш. Артем Новиков ЖЭБди газга өткөрүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПроблема с загрязнением воздуха в Бишкеке
Проблема с загрязнением воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиков көйгөйдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасамайынча борбор калаа мурдагыдай эле ышка чөмүлүп кала берерин кошумчалаган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Новиков абага жылуулук электр борборунан чыккан зыяндуу заттар боюнча сөз кылган.

"Белгилүү маалыматтар боюнча, абадагы зыяндуу заттардын 20 пайызы Бишкек ЖЭБине туура келет. Так санды эч ким айтып бере албайт. Ошол эле учурда былтыр күз-кыш мезгилинде ташылып келинген көмүрдүн сапатынын талапка жооп бербегендиги үчүн санкциялар 14 миллион сомду түзсө, быйыл үч айда ал 68 миллион сомго жетти. Мунун бардыгын борбордук ЖЭБ жагууда. Тийиштүү органдардын өкүлдөрүнө ыкчам тартипте Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырам. Эгерде көмүргө жана газга карата чыгымдар салыштырмалуу бирдей болсо, анда бул маселени тез арада чечүү керек", — деген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Ал көйгөйдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасамайынча борбор калаа мурдагыдай эле ышка чөмүлүп кала берерин кошумчалаган.

Сууктан улам Бишкектин абасы кооптуу боло баштады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сууктан улам Бишкектин абасы кооптуу боло баштады. Видео
"Бир нече жылдан бери борбордун экологиясына таасир эткен факторлор талкууланып келет. Бул боюнча тармактык мамлекеттик органдын маалыматтары ар башка. Так маалымат жок. Бүгүнкү күндө жалпы талдоо абанын булгануусу ченемден бир нече эсе ашып кеткендигин көрсөтүүдө. Ошол эле учурда 2019-жылдын январь айында бекитилген экологиялык абалды жакшыртуу программасынын 40 пунктунун ичинен үч пункту гана аткарылды, бирок бул шаардын экологиялык абалына түздөн-түз таасир этпейт", — деди Новиков.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясына от казандарды газга өткөрүү, таштанды полигонундагы ылгоочу линияларды куруу маселесин чечүү, комплекстүү жашылдандыруу программасын ишке ашыруу тапшырмалары берилген.

Кеңешменин жыйынтыгында экологиялык тазалоо боюнча механизмдердин планын толуктап иштеп чыгып, келерки жумада бекитүү сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0