Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКолунда нан кармаган улгайган аял. Архив
Колунда нан кармаган улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактарда кедейликке таасир тийгизген факторлорду аныктоо боюнча изилдөө Кыргызстанда биринчи ирет жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундары жакыр жашаары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Айлуна Шамурзаева билдирди.

Изилдөөлөргө ылайык, Бишкек шаары, Талас жана Чүй облустарында абал салыштырмалуу туруктуу.

"Аймактарга кедейчиликке таасир тийгизген факторлорду аныктоо боюнча изилдөө биринчи ирет жүргүзүлүп жатат. Биз мында демографиялык гана эмес, макроэкономикалык методду да колдондук. АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын түштүк аймактын жакырчылык деңгээли төмөндөйт. Бул мигранттардын акча которуулары менен байланыштуу. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө доллардын курсу жогоруласа кедей категориясына кирген адамдардын саны өсөт. Нарын облусуна малдын саны абдан маанилүү болсо, Талас облусунда кедейликтин деңгээли төө буурчакка болгон баадан көз каранды", — деди Шамурзаева.

Мындан тышкары, кедейликтин деңгээлине керектөө товарлары менен айыл чарба азыктарына болгон баанын өзгөрүшү да таасирин тийгизери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0