Чет жактан алынган жардамдын бөлүнүшүн иликтеген жумушчу комиссия түзүлдү

© AFP / EVA HAMBACHВыпуск долларов в Вашингтоне
Выпуск долларов в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиянын курамына ар кайсы тармакта иштеген 30 адам кирет. Алар 10 күндүн аралыгында корутунду чыгарышы керек.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Пандемиянын биринчи толкунунда чет өлкөдөн алынган жардамдын коротулушун иликтөө боюнча өкмөттө жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын курамына ар кайсы тармакта иштеген 30 адам кирет.

"Жумушчу комиссия бүгүндөн тарта ишке киришет. Алар 10 күндүн аралыгында күнү-түнү иштеп, жыйынтыгын алып келишет. Кандайдыр бир маселелер менен сиздерге келсек колдоп беришиңиздерди сурайбыз", — деп депутаттарга кайрылды Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, соңку маалымат боюнча коронавирустун кесепетинен улам Кыргызстанга чет элдик донорлордон 350 миллион долларга жакын каражат алынган. Жакынкы күндөрү дагы 429 миллион 704,6 миң доллар алуу пландалып жатат. Мындан сырткары, гуманитардык жардамдар дагы келип жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0