Жапайы жаныбарларды атууга салынган айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүГорные бараны. Архивное фото
Горные бараны. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы токтомго ылайык, мыйзамсыз аңчылык кылгандарга жаныбардын базардагы наркынан 10 эсеге чейинки жогорку баа менен айып салынат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кызыл китепке кирген айбанаттарга мыйзамсыз түрдө аңчылык кылгандарга айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

"Документ айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу мыйзамдарынын талаптарын сактоо чөйрөсүндө биологиялык түрдүүлүктүн сакталышын камсыздоого шартталган. Ошондой эле КРдин Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн, анын ичинде эндемикалык объектилерин мыйзамсыз пайдалангандар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Жапайы жаныбарларды жана ошондой эле Кызыл китепке кирген айбанаттарга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пулдун көлөмү жаныбардын базардагы наркынан экиден 10 эсеге чейин жогорку баа менен белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0