Бишкектеги ышты азайтуу үчүн ТЭЦтин экинчи блогун иштетүү пландалып жатат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкектеги ТЭЦтин кызматкерлери. Архив
Бишкектеги ТЭЦтин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суук түшкөндөн бери Бишкек шаарын жана анын тегерегиндеги конуштарды коюу ыш каптап турат. Бийлик бул көйгөйдү чечүү жолдорун издеп жатат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Борбор калааны ыштан арылтуу үчүн Бишкек ТЭЦинин экинчи блогун ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Эске салсак, парламентте Бишкек жана анын тегерегин каптаган ыш маселеси көтөрүлүп, бул жаатта кандай иштер болуп жатканы боюнча маалымат берүү үчүн өкмөт мүчөлөрү келишкен.

Депутат Нурбек Алимбеков электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгып, үйлөрдү жылытуу максатында ТЭЦтин иштебей турган экинчи блогун ишке киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнүн пикиринде, электр энергиясын көбүрөөк өндүрүп, элге 700 киловатт-сааттык ченемди кыш мезгили учурунда алып салса, жер үйлөр көмүрдү азыраак пайдаланып, түтүн дагы азаят.

"10 күндүн ичинде бул маселени чечип бербесеңер болбойт. Кайсы аймактарда ыш көп экенин аныктап туруп, "Түндүк электр" ишканасына тапшырма бергиле. Декабрь, январь, февраль айына болсо дагы чектөөнү алып коёлу. Азыр бул көйгөйдү чечип алып, кийин кайра план боюнча ишти улантышсын", — деди Алимбеков.

Анын мындай сунушуна Бишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаев өз жообун айтты.

Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео
"Азыр экинчи блокту ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп жатат. Бул ыш менен гана эмес, кургакчылык менен дагы байланыштуу. Шаарга чындап эле электр энергиясы жетишпей турат. Ошол үчүн экинчи блокту кошобуз", — деди Воропаев.

Белгилей кетсек, суук түшкөндөн бери Бишкек шаарын жана анын тегерегиндеги конуштарды коюу ыш каптап турат.

Ал эми электр энергиясына болгон баа тууралуу айтсак, калк 77 тыйындан төлөш үчүн 700 киловатт-сааттан ашырбашы керек. Мындан өтүп кетсе, 2,16 сомдон төлөөгө аргасыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0