Москванын метросунда төрөгөн келинди полиция кызматкерлери көргөнү барды. Сүрөт

© Фото / Главное управление МВД России по г. МосквеМоскванын метросунда кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери
Москванын метросунда кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан беш күн мурда кыргызстандык кыз Москванын метросунда толгоосу башталып, аны полиция кызматкерлери төрөтүп алышкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Москванын метросунда толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери ал төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетти. Бул тууралуу Россия ИИМинин Москва боюнча башкы башкармалыгы Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

© Фото / Главное управление МВД России по г. МосквеМоскванын метросунда толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери ал төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетти
Москванын метросунда толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери ал төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетти - Sputnik Кыргызстан
1/2
Москванын метросунда толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери ал төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетти
© Фото / Главное управление МВД России по г. МосквеКелинге көз жарууга көмөктөшкөндөр полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени жазылган
Келинге көз жарууга көмөктөшкөндөр полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени жазылган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Келинге көз жарууга көмөктөшкөндөр полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени жазылган
1/2
Москванын метросунда толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери ал төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетти
2/2
Келинге көз жарууга көмөктөшкөндөр полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени жазылган

Келинге көз жарууга көмөктөшкөндөр полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени жазылган.

Эске салсак, 11-декабрда кыргызстандык кыздын метродо көз жарганы, аны полиция кызматкерлери төрөтүп алганы айтылган.

Ошол эле күнү элчиликтин юристи Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин №29 клиникалык ооруканасына барган. Төрөт экстремалдык шартта болгонуна карабастан ымыркайдын ден соолугуна зыян келтирилген эмес.

Көз жарган аялдын туугандары келин ымыркайынан баш тартты деген маалыматты төгүндөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0