Өлкө боюнча канча ИВЛ аппарат, канча концентратор бар экени айтылды

Жазылуу
Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус аныкталган бейтаптарды жаткыруу үчүн 8 000 орун даярдалган. Учурда анын 4 620сы колдонулуп, 1 948 киши дарыланууда.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өлкөдө коронавирусту дарылоо үчүн 4 943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты колдонулуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге таянып кабарлады.

Анын айтымында, өлкөдө бүгүнкү күндө COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып, дарылоо үчүн орун жетиштүү.

"Даярдалган 8 000 орундун 4 620сы колдонулуп жатат. Анда 1 948 бейтап дарыланууда", — деген Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигине баасы 59 700 долларды түзгөн 10 000 диагностикалык экспресс-тест тапшырылган. Аны сатып алуу ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банктын жардамы менен ишке ашканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0