Түнөргөн Бишкекти деги эмне каптап турат? Окумуштуунун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин бийиктиктен көрүнүшү. Архив
Бишкектин бийиктиктен көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга кыш быйыл эртерээк келди. Абанын булганышы ызгаардан улам ого бетер кооптуу экенин айтат Андрей Подрезов.

Дээрлик бир айдан бери Бишкектин тургундары күндүн көзүн көрө элек, ал эми абанын температурасы нөлдөн жогорулаганы чанда. Борбордун жашоочулары каптаган түтүндөн улам кабатыр болуп, мындай көрүнүш качан аяктарына кызыгышат.

Бул жагдайга бир илимий түшүндүрмө издеп, Кыргыз-Россия славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезовго кайрылдык.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-Россия славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов
Түнөргөн Бишкекти деги эмне каптап турат? Окумуштуунун түшүндүрмөсү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов

— Эмнеге Бишкекте мынчалык суук? Борбор калаанын климаты туурасында эмгегиңизде январь айында да түнкүсүн орточо минималдык температура –9 градусту түзөрү айтылат. Бирок азыр декабрь эле, ал эми сыртта сууктагандан сууктап барат. Бул кандайдыр адаттан тыш көрүнүш эмеспи?

— Минус тогуз — бул ай ичиндеги орточо температура. Албетте, жылуулануу доорунда мындай кыш суук деп эсептелет. Соңку жылдары суук эрте түшүп жатканы менен бул чындыгында кыйла кадыресе кыш.

Биринчи кар болжол менен 24-ноябрда жаайт, бирок быйыл эрте жаады, мурдагы жылы андан да эрте сууктаган. Ошону менен бирге эле эми ызгаар суук ноябрдын аягында башталып, декабрь бүткөнчө созулчу болду. Ал эми январь менен февраль жылуураак өтүп калды.

— Бул эмнеге байланыштуу? Адам ишмердигинен улам болуп жүрбөсүн?

— Эч нерсеге байланыштыра албайбыз! Адамды буга айыптап болбойт. Климаттык система өтө татаал, быйыл сууктун эрте түшүшүнө эмне таасир эткенин сизге эч ким айтпайт.

— Эл арасында жай салкын өтсө, кыш жылуу болот деп коюшат. Быйылкы жай кыйла салкын болду, ал эми күздүн аягы менен кыштын башы ызгардуу. Демек, элдик ырым-белгилер туура эмеспи?

— Алар эч качан так чыкчу эмес. Бул жыл салкын жайга карабай сентябрдын башында эле температура төмөндөп кирген. Жылуулук сезону да адаттагыдан эки апта эрте башталды.

Кыштын экинчи жарымын карап көрүү керек: акыркы жылдары январь менен февралда ноябрь, декабрь айларына караганда жылуураак болуп жүрөт. Бирок быйыл да ошондой болот дешке болбойт. 1970-жылдары, мектепте окуп жүргөн кезимде октябрдын башында муз аянтын тоңдура башташчу, ал февралга чейин тоң бойдон кармалчу. Ал убакта андай кыш кадыресе эле, кийин жылуулануу доору башталды. Мындай аба ырайында эч кандай адаттан тыш нерсе жок экенин кайталайын. Бул температуранын көп жылдык климаттык өйдө-ылдый болушунун орточо көрсөткүчтөрүнө төп келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Манастын эстелиги
Түнөргөн Бишкекти деги эмне каптап турат? Окумуштуунун түшүндүрмөсү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Манастын эстелиги

— Бишкекте эң төмөн температура 1930-жылдын декабрында катталганын жазгансыз. Ошол убакта аба –38 градуска чейин төмөндөптүр.

— Өзүңүздөр көрүп тургандай, быйылкы кыш температуралык рекордду койбоптур. Азырынча дегеним.

— Борборду сиз күн тийген шаар деп коесуз, себеби Бишкекте жылына орточо 42 күн гана күндүн көзү көрүнбөйт. Бирок шаардыктар дээрлик бир айдан бери боз түшүп турганына гана күбө. Бул эмне, туманбы же кара түтүнбү?

— Бул — мунарык. Анын калыңдыгы 100-200 метрди түзөт, андан өйдө мурдагыдай эле күн тийип турат.

— Ал эмнеден улам пайда болду?

— Сууктан жана ЖЭБден, меш жагуудан чыккан чаңдан (түтүндөн) абанын булганышынан улам жаралды. Майда бөлүктөрдө нымдуулук конденсацияланат, жердеги күчтүү туман түзүлөт.

— Шаарды каптаган боз масса түтүн эмес, туманбы? Демек, ал сүрөттө көрүнгөндөй анчалык кооптуу эмеспи?

— Эмнеге кооптуу болбосун? Абаны булгоочу заттардын концентрациясын көз менен болжой албайсың. Абадагы аралашмалардын саны жөнүндөгү маалыматты өлчөө менен гана алууга болот. Мындай абал бизде гана эмес деңизчи, ошентсе да тегин жерден Бишкек дээрлик бир айдан бери планетанын эң кир шаарларынын рейтингинде турган жок.

Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо биздегиден да начар көрүнүш. Ушундай эле жагдайга Алматы жана көптөгөн шаарлар кабылды.

— Эгер туман болбосо, Бишкектеги аба азыркыдай кооптуу болмок беле? Же тумандын бар-жогу таасир этпейби?

— Тумандын кошулушу кыйла кооптуу, анткени бул ашкере нымдуулук. Мындай чөйрөдө булгоочулар бири-бири жана адамдын териси менен химиялык реакцияга кириши мүмкүн. Эгер кесепетинен кеп салсак, түтүн же чаңдан алда канча жаман. Башкача айтканда, алар химиялык активдүү заттарга айланып, дем алуу органдарына гана эмес, тери, көздүн былжыр челине да таасир этет. Көп адамдар мындай аба ырайында көз көйгөйлөрүн тартат, айрымдары конъюнктивитке кабылат.

— Шаар тургундары кантип сактанууга тийиш? Респираторлорбу же таңкы маалда гана сейилдөө зарылбы?

— Эгер мүмкүн болсо, сыртка чыкпай койгон оң. Мындай учурда бет кап да, респиратор да азоттун диоксиди же күкүрттүк ангидридден (уулуу заттар — ред.) сактай албайт, бирок чаңдан коргойт.

— Бул туман качан тарайт?

— Температура нөлдөн жогорулаганда гана тарайт. Бак-дарактардын баарында тоң турганын көрүп жатасыздар го...

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Масалиев көчөсү
Түнөргөн Бишкекти деги эмне каптап турат? Окумуштуунун түшүндүрмөсү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Масалиев көчөсү

— Ооба, бул аябай кызык көрүнүш! Мурда түшкө чейин эле бутактарда кар, муз калчу эмес.

— Анткени азыр –7 градус, эгер нөлдүн тегерегинде болсо, баары эрип кетмек. Бүгүн биздин үстүбүздө сибирдик антициклон турат, ал муздак түндүк абаны алып келген. Мисалы, Ташкентте кыйла жылуу, анткени мындай аба ал жакка жеткен жок.

Бул абал дагы кеминде эле бир апта кармалат, жума күнү бир аз жылыйт. Ошондо түтүн тарайт, бирок булганч аба эч кайда жоголбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0