Бишкекте атайын мектептер менен бала бакчалар ачылмай болду

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүМектептеги оокучулардын классында отурган мугалим. Архив
Мектептеги оокучулардын классында отурган мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунун негизинде атайын билим берүү мекемелери ишин жандантууда. Анда иштеген бардык кызматкерлер ПЦР-тест тапшырган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Борбор калаада атайын мектептер менен бала бакчалардын ишин жандантууга уруксат берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Бүгүн вице-мэр Айжан Чыныбаева, Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева, район акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери жана атайын мектеп, бала бакчалардын директорлорунун катышуусунда кеңешме өткөн.

"Ар бир атайын билим берүүчү мекемелерде санитардык нормалар тыкыр сакталышы керек. Кире беришке фильтрлерди коюу, класстын ичин желдетип туруу, бет кап тагынуу жана ар бир баланын, педагогдун саламаттыгын журналга каттоо милдеттендирилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле пандемия шартында иштөө тартиби менен жеке менчик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү тажрыйба бөлүштү.

Чыныбаева атайын билим берүү мекемелери көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунун негизинде ачылып жатканын белгиледи. Анда иштеген бардык кызматкерлер ПЦР-тест тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0