Бишкектеги жаңы паркка видеобайкоо жана акысыз Wi-Fi коюлат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКамера орнотуп жаткан кызматкерлер. Архив
Камера орнотуп жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы паркты видеобайкоо менен камсыздоого 2 миллион 634 миң сом каралган. Жакында тендер өткөрүлөт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы паркка видеобайкоо орнотууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жакынкы күндөрү мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер жарыялана турганы айтылат.

Сейил бакта сервердик база жана 7,5 гектар аянтты камтычу 52 видеокамера орнотулат. Ошондой эле акысыз негизде Wi-Fi коюлат.

Жаңы паркты видеобайкоо менен камсыздоого 2 миллион 634 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0