Адамды сүйсөңүз фантазияга чек койбоңуз. Таанышуу этикети

© Фото / Pixabay/ StockSnapСвидание в ресторане
Свидание в ресторане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат.

Жашоодо башка нерселер сыяктуу эле таанышуу дагы адамдан маданияттуулукту талап кылат. Анткени кайсы бир таанышуу сиздин карьераңызда же жеке жашооңузда чечүүчү роль ойлоп коюшу мүмкүн.

Ким менен гана таанышпаңыз, тиешелүү эрежелерди кармануу керек. Алар тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берет. Таанышуунун максатына жараша эрежелери дагы кандай болот.

Кызматтык таанышуу

Учитель истории лицея НИУ ВШЭ Сергей Цибульский - Sputnik Кыргызстан
Беймаал тынчын алба! Мугалимге кайрылуу этикети
Жумуш аркылуу таанышып жатсаңыз, алгач аты-жөнүңүздү толук айтып, андан соң иштеген жериңизди кошо кетиңиз. Эгер кандайдыр бир конкреттүү максатыңыз болсо, тагыраак түшүндүрүңүз. Баса, кызматтык этикеттин таанышуу боюнча дагы бир нече эрежеси бар. Шарт боюнча аты-жөнүн сурашып таанышкан соң, аял-эркегине карабай кызматтык даражасы (же аскердик чини) жогору адам биринчи сөз баштаганы туура.

Башка учурда

Ал эми башка учурда бардыгы шартка жараша болот. Негизи атыңызды айтып койгонуңуз жетиштүү. Андан соң кырдаалга жараша сөздү улайсыз.

Сүйүү мамилесинде

Ортодо сезимдер бар-жогуна карабай келечекте жакын мамилени көздөгөн кыз-жигиттин таанышуусу үчүн атайын эреже жок. Бул жерде бири-биринин көңүлүн буруп, эсинде калыш үчүн кайсы гана тарап болбосун өз фантазиясына жараша аракеттерди көрсө болот. Негизгиси сылыктык жана романтикалуу атмосфера тууралуу унутпаш керек.

Таанышкан соң

Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык этикетте пандемиядан улам пайда болгон 6 эреже
Кандай гана таанышуу болбосун, үч эрежени кармоо керек. Биринчиси — таанышканыңыз үчүн кубанычта экениңизди сөзсүз айтыңыз. Андан соң басып кетпей, жок дегенде эки ооз сүйлөшүп туруу керек. Экинчиден, телефон номерин алган болсоңуз, анын көзүнчө атын жазып, номерин сактап алыңыз. Ал эми визиткасын сунса, кагазды көңүл бура карап, андан кийин гана капчыкка салып коюңуз. Бул экөөңөрдүн таанышууңар сиз үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Бир аз да болсо жүрөгү жылып, кубанып калат.

Бирөөлөрдү тааныштырып жатсаңыз

Эгер эки адамды бири-бири менен тааныштырууга туура келсе, биринчи аял кишинин аты-жөнүн айтыңыз. Эгер экөө тең эркек же аял болуп калса, алгач кичүүсүн улуусуна тааныштырган туура. Ал эми бир адамды бир нече кишиге тааныштыруу керек болсо, бардыгы уккудай кылып, аты-жөнүн катуураак айтып коюңуз. Берки тараптагы кишилердин ар биринин атын атап чыгуунун зарылдыгы жок. "Булар кесиптештерим" же "булар досторум"  деп айтып коюу жетиштүү. Кийин өздөрү жакындан таанышып алат.

Оройлонбо

Таанышкан адамдын баары эле бердей жага бербейт, бул мыйзам ченемдүү нерсе. Айрымдар менен жөн гана жылдызыңар келишпей калышы мүмкүн. Бирок эч качан таанышуу учурунда  ороңдоп, жамаң кыял көрсөтө көрбөңүз.

Сен дебей сиз деп...

Өзүн жана өзгөнү сыйлаган ар бир адам бул эрежени билет. Бирок дагы бир жолу айта кетели, бейтааныш же жаңы көрүшкөн адамга өзү сунуштамайынча "сен" деп кайрылбаңыз. "Сен" деп жакын  адамдарды, досторду жана кичине балдарды гана айтууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0