Күн жылыйбы? Бир аптага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыш. Архив
Кыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жумада өлкө боюнча мезгил-мезгили менен кар жаап турат. Бирок аптанын этегинде абанын температурасы жогорулай турганы божомолдонду.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкекте 13-17-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй жана Талас облустарында

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок кээ бир райондордо туман түшөт. Калган күндөрү күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, айрым райондордо туман түшүшү мүмкүн.

14-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаап, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал.

15-декабрда күндүз жана 16-17-декабрда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда

13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

13-декабрда күндүз жана 14-15-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт.

16-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-декабрда күн ачык болот.

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында

13-14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз Чолпон-Ата шаарында кар жаашы мүмкүн, Каракол шаарында жаан-чачын болбойт.

15-17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, 16-декабрда бир аз кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Нарын облусунда

13-14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал.

15-декабрда күндүз жана 16-17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

18-19-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт жана абанын температурасы жогорулашы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0