Диетолог жаңы жылдагы зыяндуу тамактарды айтып берди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдын дасторкону. Архив
Жаңы жылдын дасторкону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетологдун айтымында, жаңы жыл түнү чөп-чар кошулуп, майонез же май азыраак аралашкан салаттарды жеген туура.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Гастроэнтеролог Ирина Бережная жаңы жылда дасторконго койгон азыктардын ичинен кайсынысы зыяндуу жана ашказанга оор келерин айтып бергенин RT жазды.

"Биз жеп жүргөн оливье ашказанга оор келген, татаал жана зыяндуу азык экенин эстен чыгарбайлы", — деген гастроэнтеролог.

Бережная оңой менен сиңбей тургандардын катарына майонезди, сыр азыктарын жана жаңгакты кошкон.

Диетологдун айтымында, жаңы жыл түнү чөп-чар кошулуп, майонез же май азыраак аралашкан салаттарды жеген туура. Ал эми эт же эт көбүрөөк кошулган тамакты эртеси күнгө, 1-январга калтырган жакшы. Себеби отуз бири түнгө караганда күндүз аларды сиңирүү жеңилирээк болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0