Үкүбаева: көйгөй-кубанычыбыз, романтикабыздын баары Айтматовдун чыгармаларында

© Фото / Шабдан Абылгазы уулуКыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева
Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Залкар жазуучунун чыгармалары чыныгы шедеврге айланып, бүтүндөй Айтматов ааламы деген түшүнүктү калтырып кетти.

Учурда атайын Айтматовду изилдөө колго алынып, өлкөдө 2019-жылдын 31-январында президенттин жарлыгы менен "Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" деп аталган мамлекеттик мекеме да түзүлгөн. Заманыбыздын залкар жазуучусу көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка толмок.

Sputnik адабий мурасы, жазуучуну гениалдуулукка жеткирген сапаттары, каармандарынын өзгөчөлүгү тууралуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева менен маектешти.

— Лайли эже, маекти жөнөкөй суроодон баштайынчы. Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын ичинен сизге өзгөчө жакыны ким?

— Өзүм Айтматов изилдөөчү болгонум үчүн анын бүт каармандары мага жакын. Айрыкча, "Саманчынын жолундагы" Толгонайдын образы бөтөнчө жакын десем болот. Бул каарман бүтүндөй энелердин символу, эталону катарында сүрөттөлгөн. Ал кыргыз аялдарынын күчтүүлүгүн, боорукердигин, күрөшчүлдүгүн чагылдырып, автор анын образы аркылуу "деги эле адамзат тынчтыкта жашай албайбы" деген улуу чакырыкты таштаган. Ошондуктан сап башында Толгонайдын образы турат.

Анан, албетте, башкы каармандардан "Кылым карытар бир күндөгү" Эдигейдин, "Гүлсараттагы" Танабайдын каармандары өзүнүн ойлору менен маанилүү. Ошондой эле "Тоолор кулаганда" чыгармасындагы Арсен Саманчинин образында коомдун учурдагы көйгөйлөрү уюткулуу берилип, анын санаалары биздин санааларыбыздай кабылданат.

© Фото / из личного архива Лайли УкубаевойҮкүбаева: Чыңгыз Төрөкуловичтин бир бактысы, анын орус тилинде ойлонуп, эркин жаза билгенинде
Үкүбаева: көйгөй-кубанычыбыз, романтикабыздын баары Айтматовдун чыгармаларында - Sputnik Кыргызстан
Үкүбаева: Чыңгыз Төрөкуловичтин бир бактысы, анын орус тилинде ойлонуп, эркин жаза билгенинде

— Биз жаштар Данияр, Жамийла, Султанмурат, Мырзагүл сыяктуу образдарга жакыныраак окшойбуз. Негизи Айтматовдун каармандарынын өзгөчөлүгү эмнеде?

— Айтматовдун каармандары, деги эле чыгармалары улуттук турмушубуздун негизинде, ар кандай мезгилдерде кыргыз элинин башынан өткөргөн коомдук-социалдык маселелер жөнүндө жазылган. Ошондуктан ар бир окурман өзүнүн тагдырын, кандайдыр бир деңгээлде кыргыз элинин иденттүүлүгүн көрө алат. Көйгөйлөрүбүз, кубанычтарыбыз, романтикабыздын баары ушул жазуучубуздун чыгармаларында.

Айтматовдун ар бир сүрөттөөсүнүн артында боорукердик, нравалык, тазалык, адамгерчилик, анан ар дайым адам болууга умтулуу чакырыктарын камтыган гуманисттик идеялар, ар бир окурманды ойго салчу нерселер камтылып жатат. Ошонусу менен адамдарга жакын болсо керек...

— Айтматовду изилдөөчү катары айтсаңыз, анын ааламдык деңгээлдеги залкар болуп калуусуна эмне түрткү болгон деп ойлойсуз? Дегеним, учурда жазуучунун гениалдуулугуна суктанбаган адам аз. Бирок өз кезегинде ал кишинин башынан ар кандай окуялар өтүп, ал тургай каралоолорго дагы туш болгон экен.

— Айтматовдо табияттан берилген таланттын угуту болгон. Экинчиден, ал адабият майданына жөн эле келип калган адам эмес. Өзүнө чоң-чоң максаттарды коюп, ага жетүүгө аракет кылган. Бул киши акыл-эси, аң-сезими жетилип калган өспүрүм кезинен баштап өзүн даярдаган. Бир факты келтире кетейин, Айтматов алгач ыр жазып, анан аңгеме жазып баштаган. Жамбылдагы зоо-ветеринардык техникумду окуп жүргөн кезинде жазган аңгемесин алып барса, чыгарбай коюптур. Жаш жазуучуларга адатта "изденишиң зарыл, жетишсиз экен, бул чыгармаларың чийкирээк" деген таризде стимул беришет. Ошондой нерселерди айтса керек да. Анан жолдо келе жатып Сергей деген курсташына "булар мени түшүнүшпөдү, мен баары бир эртели-кеч жаза турганымды, жаза ала турганымды көрсөтөм" деген экен.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сүрөттүн тарыхы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!
Көрдүңүзбү, бул эмне деген ишеним? Демек, бул ошол өзүнүн жаза турганын, жаза ала тургандыгын билгени үчүн ички даярдыктан өткөн. Анткени ал дүйнөлүк, орустун классикалык жана ошол эле учурда улуттук адабиятты окуган. Өзү филологиядан, жазуучулуктан оолак зоотехник кесибине ээ болсо да дайыма адабий процесске көз салып изилдеп турган.

Кийин биз Чыңгыз Айтматовду "кандай болуп тез эле космостук ийгиликке жетип калды" деп таң калып жүрбөйбүзбү. Мындай ийгиликке жетиш үчүн улуу жазуучубуз өмүрүн сайып, максаттуу түрдө тепкичтен тепкичке көтөрүлгөн сыяктуу өзүн даярдаган. Ошонун натыйжасы болуш керек. Анан буга жазуучунун турмуштук тажрыйбасы, дүйнө таанымы, айлана-чөйрөгө назар сала билген аналитикалык ой жүгүртүүсү дагы жакшы таасир берген.

— Ошол учурда анын замандаш жазуучулары дагы абдан күчтүү болгон. Ошол атаандаштык дагы курчутуп турганбы деп ойлойм. Кандай дейсиз?

— Ооба, сөзсүз. Анан Чыңгыз Төрөкуловичтин бир бактысы — анын орус тилинде ойлонуп эркин жаза билгенинде. Улуттук жазуучуларыбызда кандайдыр түшүнбөстүктөр, карама-каршылыктар болгондо ал өз чыгармаларын орус тилине авторлош болуп которуп, дүйнөлүк алкакка чыгып кеткен.

Албетте, атаандаштык курчутат, бирок атайын "мен булардан озуп кетейин" деген максат болбосо керек. Болгону көшөрүп иштеген.

— Айтматовдун чыгармаларын кайсы куракта окуса, ошого жараша кабылдана турганы айтылып келет. Маселен, өспүрүм куракта окуса сүйүү тууралуу жазгандай сезилсе, бара-бара коомдук-социалдык, саясий, ал тургай планетардык масштабда жазган жазуучудай кабылданат. Мунун сыры эмнеде?

— Ар бир чыгармачыл адамда чыгармачыл эволюция болот. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун алгачкы "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аңгемелери ошол учурга, советтик мезгилге ылайыкташып, ошол алкактан, өзү айткандай, китептик таасирлерден улам жаралган эмгектер.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун Пекинден табылган "баласы" жана Кытайдагы кадыры. 15 факты
Анын алгачкы ийгилиги "Бетме-бет" менен "Жамийлада" болду. Бул чыгармалар чоң резонанс жаратты. Анткени алар буга чейин согуш темасында жазылган чыгармалардан таптакыр башкача өңүттөн каралып, козголгон көйгөйлөр да башкача болду. Муну бир чети Айтматовдун кандайдыр бир деңгээлде эрдиги катары карасак болот. Мисалы, ошол учурда күйөөсү согушта жүргөн аялдын башка бирөөнү сүйдүм деп, өзүнүн сүйүүсүнө эрк берип, идеалын Даниярдан таап, аны ээрчип кетиши ошол учурдагы кыргыз менталитетине туура келбеген нерсе болчу. Ал кезде аялдардын укугу деген нерсе жок болчу да, "таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калган. Бирок бул чынында бир жагынан адамдын өзүнө чыккынчылык кылганы болуп жатпайбы. Өзүнүн каалоосун чектеп, анан бүгүнкү күндө айтылып жаткандай "эл эмне дейт" деген менен жашагандын өзү адамга жашоодогу рахатты бере алган эмес. Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун мындай чечкиндүү кадамга баруусу аябай олуттуу кадам болгон.

Экинчиден, ошол убактагы согуш темасын чагылдырган чыгармаларды карасак, жасалма эрдиктер жөнүндө сүрөттөлүп, кандайдыр бир пафос көбүрөөк сүрөттөлгөнүн байкайбыз. Ал эми согуш бир гана эрдиктерден турган жок да. Ал адамзатты апкаарыткан, алдына келген чоң сыноо болду. Тез чечим кабыл алуу мүмкүн болбой калды. Ошондой шартта адам өзүнүн адамдыгын жоготуп койгон учурлар болду. Ошондуктан согуштун баатырлары менен дезертирлери дагы болду. Бири түшүнсө, бири түшүнбөй дезертир болуп кетти, туурабы?

© Фото / из личного архива Лайли УкубаевойҮкүбаева: “Бетме-бетте” Айтматовдун көздөгөнү - согуштун бүлүндүргүч жүзүн ачып берүү болду
Үкүбаева: көйгөй-кубанычыбыз, романтикабыздын баары Айтматовдун чыгармаларында - Sputnik Кыргызстан
Үкүбаева: “Бетме-бетте” Айтматовдун көздөгөнү - согуштун бүлүндүргүч жүзүн ачып берүү болду

— Бул жерде "Бетме-беттеги" Ысмайылды айтып жатасыз да...

— Ооба. Анан бул жерде Айтматовдун мээлеген нерсеси согуштун адамдын тагдырын талкалаган, бүлүндүргүч жүзүн элге ачып берүү болду. Бирок ошого карабай Сейде Ысмайылдын жаңылыштыгын түшүнүп, жалпы адамзаттык бийиктикке көтөрүлдү деп айтабыз. Бүгүнкү күндө муну башкача интерпретациялап, Ысмайылды күнөөлөбөсөк дагы болот. Анткени ал деле тынч, үй-бүлөсү менен бактылуу жашаганга укуктуу, ошол бактысын согуш талкалап кетти. Ысмайылдай адамдарды ушундай тагдырга алып келгени үчүн баары бир биз согушка наалат айтышыбыз керек болот. Мындай карама-каршылыктарды, ушундай маселелер биздин жашообузда кездешкенин Айтматов биринчи болуп алып чыккан.

Алгачкы чыгармалары кандайдыр бир күчтүү, көйгөлүү маселелерге арналган. Анан, албетте, жазуучулук чеберчиликтин өсүшү, коомдогу маселелердин өзгөрүшү менен темалары татаалдашты. Мисалы, "Жаныбарым Гүлсарыга" келсек, 1960-жылы бизди тоталитардык башкаруу, бюрократиянын күчөп турганы, партбосстордун "эмне кылсам өзүм билем" деп, жөнөкөй кишини адам катары санабай, аны менен эсептешпей, алардын тагдыры менен ойноп турган мезгили болду. Ошолордун драматрагедиясын Гүлсараттын тагдыры менен метафоралык планда жана Танабайдын тагдыры аркылуу буларды курч көтөрдү. Адамда адамгерчилик четке сүрүлүп,  партиялык бюрократиялык кысым күчөп бара жатканын метафоралык образдар менен берүүгө аракеттенди.

Андан кийин 1970-жылдары "Ак кемени" жазды. Бул эмне жөнүндө? Ошол учурда Советтер Союзунда турмуш жакшы делип турганы менен дагы эле анчалык дурус эмес экендигин айтып жатат. Мисалы, Орозкулду жексур, жаман адам дейбиз.

— Анын өзүнүн трагедиясы болуп жатпайбы...

— Ооба, анын трагедиясы баласы жоктугунда делет, бирок Айтматовдун бир сөзү бар. Ошону эстешибиз керек. "Ак кемедеги мен үчүн эң маанилүү маселе — бул Момун. Анын социалдык жактан көз карандысыз болушу үчүн коом дагы көп нерсени жасашы зарыл" дейт. А Момун ким? Ал пенсия алып, небересин багып балпайып төрдө урмат, ызаат көрө турган адам. Ал ошондой бүгүнкүнүн тили менен алганда социалдык пакет менен камсыздалбай калып, бир аз каражат үчүн Орозкулга көз каранды болуп, бардык адамгерчиликсиз мамилесине көнүп, бир жагынан кызынын тагдыры үчүн күйүп-бышкан көз каранды абалдагы образ.

Всесоюзная фотовыставка Фотообъектив и жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
Бул чыгарма чыкканда карама-каршы пикирлер чыгып, талаш жараткан. Ошол учурда Казакстан жазуучулар союзунун төрагасы болуп турган Анвар Алимжанов "Чыңгыз, сен эмнени жазып салдың? Биз бардыгыбыз баланы бүтүндөй актыктын, тазалыктын символу катарында көрүп турсак, баланы өлтүрүп коюп, орозкулдардын жеңишин жазып жатасың. Бул эмне дегендик" деп айткан. Алимжановдун пикирин колдогон адабиятчылар, сынчылар, окурмандар болгон. Ошондо тегерек стол уюштурулуп, ушу маселе талкууланган. Андан соң Айтматов "Аргасыздан болгон толуктоолор" деген макаласын жазып "мен муну жазбайын дедим эле, бирок аргасыздан толукташым керек. Ооба, баланы трагедиялык абалга алып келдим. Эгерде анын тагдыры сенин жан дүйнөңдү козгой алса, окурманым, демек, сен орозкулдарга каршы күрөшө аласың. Менин көздөгөнүм ошол" дейт. Демек, "Ак кеме" повестинде сүрөттөлгөн окуялар окурмандарды активдүү жарандык позицияга чакырат.

Бул эми мындай караганда жалпы Советтер Союзуна мүнөздүү эмес, майда окуя деп маани бербешибиз мүмкүн. Кыргыздын таланттуу акыны Райкан Шүкүрбеков "башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" деген. Анын сыңары кара ниеттик, акмакчылык, нравасыздык кайсы жерде болсо, аны кичинекей дебестен отоо чөптөй жулуп салышыбыз керек. Антпесек кийинчерээк коомго залакасын тийгизиши мүмкүн деген ойлор жатат.

— Азыр Орозкулга окшогондор көп эле. Өзүнө эстелик куруп албаса дагы кара мүртөздүк, коррупция маселеси бүгүн абдан актуалдуу. Ал эми "Ак кеме" 50 жыл мурун жазылып жатпайбы. Бул эмне? Көрөгөчтүкпү?

— Сөзсүз, бул түбөлүктүү маселелер. Кара ниеттик менен ак ниеттүүлүктүн, адамгерчилик менен адамгерчиликсиздиктин, кара менен актын күрөшү дайыма болуп келген. Бул Айтматов эле көтөргөн маселе эмес. Ага чейин эле биздин элдик оозеки чыгармаларда, фольклорубузда, дүйнөлүк адабиятта көтөрүлүп келген. Бирок Айтматов ошол маселелердин учурдагы көрүнүшүн дагы курчутуп, тереңдетип, өзүнүн философиялык жалпылоолорун берип, коомчулуктун көңүл бөлүшү зарыл экендигин айтат. Бирок коомчулук аны туура кабыл алышы үчүн даяр болушу керек да. Коомдогу адамдардын аң сезими ошондой болушу зарыл. Айтматов айтып койсо эле ал көйгөй чечилип калган жок да. Өзүң айткандай, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Өзүбүздүн эле турмуш чындыгын алсак, өлкөдө канча революция болду. А чынында революция адамдын аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө жүрүш керек. Ошондо гана жакшы, таза, адилеттүү жолго түшөбүз.

— Айтматов реалистпи же болбой эле романтизмге ыктап кетеби?

— Реализм жана романтизм деген эмне экенин аныктап алалы. Реализмдин негизинде турмушту болгонун болгондой көрсөтүү дейбиз. Максим Горький өз учурунда романтизмге "кыялдагы ой кошумчаланган чындык" деп аныктама берген. Демек, Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларында романтизм менен реализмдин абдан ширелишкен синтези бар. Деги эле адабиятта бир агым же болбосо бир метод өзү гана жашабайт. Башка ыкма-агымдардын ширелиши, катнашы болуп турат.

© Фото / из личного архива Лайли УкубаевойҮкүбаева: казак жазуучусу Айтматовго “баланы өлтүрүп коюп, орозкулдардын жеңишин жазып жатасың” деген
Үкүбаева: көйгөй-кубанычыбыз, романтикабыздын баары Айтматовдун чыгармаларында - Sputnik Кыргызстан
Үкүбаева: казак жазуучусу Айтматовго “баланы өлтүрүп коюп, орозкулдардын жеңишин жазып жатасың” деген

— Айтматовдун улуттук фольклорду колдоно билгени көптөрдү таң калтырып келери чындык. "Манас" эпосундагы "баланы кармап алалы, башына шири салалы" деген эки сабынан "маңкуртизм" деген терминди дүйнөгө жайылта алды. Чыгармачылыгындагы фольклордун орду тууралуу эмнелерди айтып бере аласыз?

— Бул абдан чоң маселе. Айтматов чыгармачылыктын башатында фольклор менен азыктанган десек жаңылыштык болот. Ал чыгармачылыгынын бийиктигине көтөрүлүп, фольклорго ошол бийиктиктен караган. Александр Пушкин сыяктуу. Ал дагы чыгармачылыгында кыйлага көтөрүлүп, анан кайра фольклорго кайтып жомокторду жазып жатпайбы. Ошол сыяктуу. Анткени Айтматов чыгармачылык жолунда улуттук маселелерди көтөрүп, алардын чечилбей келе жатканын айткан. Кийин ал биздин улуттук фольклорго, Манаска кайтып келген. Булар анын чыгармаларына абдан чоң гүлазык берген. Анткени, жогоруда белгиленгедей, "маңкуртчулук" деген нерсе дүйнөлүк термин болду. Бирок ал фольклорду турушу менен эле сюжетин колдонбостон, ага философиялык позициядан ой жүгүртүп алкагын кеңейткен. Мисалы, башына шири кийгизсе бала аң-сезимин жоготуп, эч нерсени ойлонбой калат. Мына ушул нерседен ал чоң, планетардык маселени алып чыккан. Өткөндү унутуп койсок, келечегибиз күмөн боло тургандыгы.

Французский писатель Луи Арагон - Sputnik Кыргызстан
"Жамийладан" өз тагдырын көргөн Луи Арагон тууралуу 9 факты
Экинчиден, ошол учурда дүйнөдө "кансыз согуш" жүрүп, өзөктүк согуш коркунучунун алдында турган. Бир эле акылсыз адам кнопканы басып койсо дүйнө ойрон болушу ыктымал болчу. Ошондуктан Болгариядагы симпозиумда Айтматов: "элдин алдыңкы акыл-эси, интеллигенция катарында айта турган сөздү бүгүн айтышыбыз керек. Эртең кеч болуп "жер энени" жоготуп алабыз" деп, адамзаттын келечегин сактап калуу тууралуу сүйлөгөн. Ошондон кийин "Мезгил жаңы ойлонууну талап кылат" деген темада алгачкы Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк маданият ишмерлерин чакырып, жаратылышты коргоо, адамдын абийирин сактап калуу, өзөктүк согушту болтурбоо маселелерин талкуулашкан. Ошол маңкуртчулуктан кутулуунун жолун издешкен. Эпостон алынган кичинекей нерсени андан ары чоңойтуп, курч эмоционалдык, экспрессивдик таасир этүү даражасына жеткирген.

— Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кинолор тартылып, пьесалар коюлуп, учурда бүтүндөй Айтматов таануу илимин жаратты. Изилдөө иштери залкар жазуучунун биз үчүн жаңы нерсесин ачыктай алабы?

— Биринчиден, Айтматов бүтүндөй доор. Анткени ал адабиятта эле жаңы бийиктиктерди жаратпастан, кинематография, опера жана балет, музыка, сүрөт, театр ж.б. маданияттын бардык тармагына таасири күч. Анын чыгармаларынын негизинде жана анын таасиринде жазылган чыгармалар маданиятыбызды, искусствобузду жаңы бийиктикке көтөрүп салганы чындык.

Экинчиден, Айтматов жөнүндө айтыла турган сөз али алдыда. Анткени ар бир муун өзүнчө окуйт, жаңы нерселерди табат. Балким, буга чейинки изилдөөлөр анын чыгармаларынын бир эле жагын ачкандыр. Бул багытта эми гана изилдөөгө киришип жаткан жаштарыбыз дагы жок эмес. Ошондуктан бул биздин чоң кенчибиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0