Кыргызстандыктарга Венгрияда бекер билим алууга 150 орун бөлүндү. Шарт-талабы

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүБудапешт шаары. Архив
Будапешт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стипендиялык программанын катышуучулары виза алууга байланыштуу, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды өздөрү төлөшү керек.

БИШКЕК, 12-дек. – Sputnik. Кыргызстандын жарандары 2021-2022 окуу жылында Венгриянын жогорку окуу жайларында гранттык негизде билим ала алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар үчүн төмөнкү багыттар боюнча 150 орун берилет:

  • Бакалавриат программалары (65 орун): медицина, маалыматтык технологиялар (IT), инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, коомдук илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери;
  • Магистрдик программалары (65 орун): медицина, маалыматтык технологиялар (IT), инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, коомдук илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери;
  • Докторантура программалары (20 орун): бардык багыттар.

Программанын стипендиаттарына төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Бардык окуу мөөнөтүнө берилген айлык стипендия: бакалавриат жана магистратура программаларынын студенттери үчүн 40 460 форинт, докторантура программаларынын студенттери үчүн 140 000 форинт;
  • Жождордун жатаканасы же турак жайды ижарага алууга көмөк (40 000 форинтке чейин);
  • Медициналык камcыздандыруу.

Белгилей кетсек, стипендиялык программанын катышуучулары виза алууга байланыштуу, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды өздөрү төлөшү керек.

Дальневосточный федеральный университет - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Россияга окууга барууну каалаган студенттерге жооп кайтарды
Биринчи окуу жылында бакалавриат жана магистратура программаларында окуган студенттер өз университеттеринде “Венгр тили чет тил катары” предмети боюнча сабактарга катышууга милдеттүү жана экинчи семестрдин аягында ушул сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен тапшырышы зарыл.

Эгерде стипендиаттар венгр тили боюнча жыйынтыктоочу экзаменден өтпөй калса, алардын айлык стипендиясы 30 000 форинтке чейин кыскарат. Эгерде стипендиаттар "Венгр тили чет тил катары" сабагына катышкандан баш тартса, алар ай сайын берилүүчү стипендиядан ажыратылышат.

Программанын толук шарт-талабы менен Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0