Кыргыз-казак чек арасында 200дөн ашуун фура кезек күтүп турат. Видео

© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКыргыз-казак чек арасынде кезек күткөн фуралар. Архив
Кыргыз-казак чек арасынде кезек күткөн фуралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан тараптан жүк ташуучулар үчүн эч кандай чектөө жок. Чек арачылар автоунааларда тыюу салынган жүктөрдүн бар-жогун текшерип, машиналарды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрүү пунктунда коңшу өлкөгө багыт алган 207 фура кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Саат 14.00гө алынган маалымат боюнча, "Ак-Тилек" бекетинде 145, "Кең-Булуңда" 33, "Чалдоварда" 29 жүк ташыган унаа бар.

"Кыргызстан тараптан жүк ташуучулар үчүн эч кандай чектөө жок. Чек арачылар тыюу салынган жүктөрдүн бар-жогун текшерип, машиналарды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу деп бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0