Мамлекет жеке тараптарга Бишкекке ипподром салууну сунуштоодо. Жол-жобосу

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектеги "Ак-Кула" ипподрому. Архив
Бишкектеги Ак-Кула ипподрому. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик бюджетте каражат тартыш болгонуна байланыштуу долбоорду мамлекеттик-менчик өнөктөштүк жолу менен ишке ашыруу пландалууда.

БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. Бишкек мэриясы мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору менен биргеликте жаңы ипподром куруу долбоорун ишке ашырууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сөз Термечиков көчөсүндө жайгашкан "Ак кула" ипподрому тууралуу болуп жатат. Анын аянты 57,4 гекатрга жетет.

"Жаңы ипподромдо орундуктар көбөйтүлөт. Улуттук оюндарды өткөрүү үчүн жолдору, байланыш инфраструктурасы жана архитектуралык көрүнүшү жакшыртылат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик бюджетте каражат тартыш болгонуна байланыштуу долбоорду мамлекеттик-менчик өнөктөштүк жолу менен ишке ашыруу пландалууда.

Демилгенин алкагында төмөнкү иштер аткарылат:

  • авариялык абалдагы имараттарды түрттүрүү;
  • техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, архитектуралык дизайн менен долбоордук документтерди түзүү;
  • жаңы ипподромду куруу жана тийиштүү инфраструктураны түзүү;
  • жеке же карызга алынган акчанын жардамы менен каржылоо;
  • комплексти башкарууну уюштуруу.

Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк жөнүндөгү келишим соңуна чыккандан кийин (30 жыл) объект мамлекетке өтөт. Бирок келишимдерди кайра кароо жолу менен жеке тарап колдонуу мөөнөтүн узартып алышы дагы мүмкүн.

Долбоор жана мамлекеттик-менчик өнөктөштүк процедуралары боюнча суроолор жаралса Бишкек мэриясына 0312 97 91 95 номери аркылуу же Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборуна 0312 6647 81 номери аркылуу байланышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0