Мэрия шаардыктарды Жаңы жылдык жарманкеге чакырды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСалон-галерея елочных игрушек на ВДНХ
Салон-галерея елочных игрушек на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муну менен катар мэрия музыкалык чыгармачылык сынак да уюштуруп жатканын жар салды. Катышуучулар жарманкенин концерттик программасына катышып, сыйлык ээлерин соцтармак колдонуучулары аныктайт.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарды Жаңы жылдык жарманкеге чакырууда.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жарманке 11-декабрдан 29-декабрга чейин Курманжан датканын эстелигинин алдында, "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында өтөт.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 13-декабрда 14:00дө болору айтылды.

"Жаңы жылдык белек катары чоңдор жана балдар үчүн маданий-көңүл ачуучу программа даярдадык. Концерттик программа 12, 13, 16, 23 жана 29-декабрда саат 14:00дөн 17:00гө чейин бардык санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Церемония зажжения главной новогодней елки на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Керемет сулуулук! Кыргызстандагы оту жанган башкы балатынын сүрөттөрү
Муну менен катар мэрия музыкалык чыгармачылык сынак да уюштуруп жатканын жар салды. Катышуучулар жарманкенин концерттик программасына катышып, сыйлык ээлерин соцтармак колдонуучулары аныктайт.

"Сынакка катышуу үчүн арыздар 25-декабрга чейин кабыл алынат. Ага катталуу үчүн 0707 11 88 88 WhatsApp номерине чалыңыз", — деп жазылат билдирмеде.

Жарманкенин иштөө убактысы 12:00дөн 18:00гө чейин экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0