Байтиктеги ууланган балдар. Мектеп жетекчилиги менен кызматкерлер айыпка жыгылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВ Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа
В Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Учурда баарынын абалы канааттандырарлык деп бааланды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернаттын жетекчилиги менен кызматкерлери айыпка жыгылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө "Кут Билим" мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылган

Подворные обходы милиционеров которые выявляют детей, которые не учатся в дистанционном формате - Sputnik Кыргызстан
Онлайн окуу: сабагын калтырган окуучулар тыкыр көзөмөлгө алынат
Маалым болгондой, бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Учурда баарынын абалы канааттандырарлык деп бааланды.

Аламүдүн райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору балдар ууланган мектепте иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында санитардык эрежелер бузулганы аныкталган.

Бул боюнча протокол түзүлүп, мектеп жетекчиси 23 000 сом айыпка жыгылса, кампачы-камсыздоо менеджери, азык-түлүк жеткирүүчү, медицина кызматкери, ашпозчу 7 500 сомдон айып төлөмөй болушкан.

Оорунун очогунда санитардык текшерүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарынан үлгүлөр алынган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0