УКМКнын мурдагы башчысы Болот Сүйүмбаев изделип жатат

Жазылуу
Бир нече ирет суракка чакырылганы менен Сүйүмбаев бирине да келген эмес. Экс-жетекчинин кылмышка шектелип издөөгө алынганы боюнча маалымат сыртынан берилди.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев изделип жатат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Татуировкалар менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК "Дженгонун" тобуна кирген эки адамды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Видео
Буга чейин Аскер прокуратурасы УКМКнын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар делген ири көлөмдөгү алтын аткезчилиги боюнча ишти тергей баштаган. 2017-жылы УКМК кызматкерлери мыйзамсыз түрдө өлкөгө киргизилген 22 килограмм зер буюмдарды таап алган. Ал боюнча аталган ведомствонун төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, күбө катары сурак берген.

УКМК Сүйүмбаевдин бул ишке тиешеси бар экендиги боюнча айныксыз далил бар деп билдирген. Ал суракка бир нече ирет чакырылган, бирок бирине да келген эмес. Жыйынтыгында Сүйүмбаевге сыртынан издөө жарыяланып, ал экономикалык контрабанда жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Сүйүмбаев 2016-2018-жылдары УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0