Кыргызстан Улуу Британиядан коронавирус вакцинасын алууга жардам сурады

© REUTERS / Dado Ruvic/File PhotoРазработка вакцины от COVID-19 в мире
Разработка вакцины от COVID-19 в мире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча кайсы вакцина тууралуу сөз болуп жатканы тууралуу айтыла элек. Кыргыз тарап эмдөө калктын аялуу катмарына жасаларын белгиледи.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстан Улуу Британиядан коронавируска каршы вакцина алуу жаатында көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Разработка вакцины от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
COVID: Кыргызстанга калктын 20 пайызына жеткидей вакцина бөлүү пландалууда
Мындай сунуш тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Улуу Британия ТИМинин парламенттер аралык байланыш боюнча мамлекеттик катчынын орун басары Венди Мортон менен болгон жолугушуусунда айтылган.

Азырынча вакцинанын кайсы түрү тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз. Эмдөө биринчи кезекте калктын аялуу катмары болгон медкызматкерлер, мугалимдер жана улгайган адамдарга жасалары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0