Кыргызстан — Кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту жабылды

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочий визит первого вице-премьера Артема Новикова в Нарынскую область
Рабочий визит первого вице-премьера Артема Новикова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадан ары-бери каттоо 11-декабрда саат 11:00дө мурдагы калыбына келип, жанданат. Кытай тарап анын себебин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кытай тараптын демилгеси менен бүгүн, 10-декабрда, чек арадагы "Торугарт" (КР) – "Тургат" (КЭР) көзөмөл-өткөрүү жайларынан автоунааларды да, адамдарды да өткөрүү токтотулду. Бул туурасында Чек ара боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Маалыматта бул кадамды Кытай тарап техникалык себептен улам жасагандыгы айтылат.

Чек арадан ары-бери каттоо эртең, 11-декабрда, саат 11:00дө калыбына келип уланары кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0