Instagram менен WhatsApp сатылсын! АКШ бийлиги Facebook компаниясын сотко берди

© AFP / LIONEL BONAVENTUREСоциальные сети Facebook, Instagram и WhatsApp
Социальные сети Facebook, Instagram и WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доочулар Марк Цукербергдин компаниясы WhatsApp мессенджери менен Instagram социалдык тармагын мыйзамсыз сатып алган деп күнөө коюуда.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын 48 штаты менен Федералдык соода комиссиясы монополияга каршы мыйзамды бузду деген жүйө менен Facebook компаниясын сотко беришти. Бул тууралуу Reuters жазды.

Алар Марк Цукербергдин компаниясы WhatsApp мессенджери менен Instagram социалдык тармагын мыйзамсыз сатып алган деп күнөө коюуда.

"Facebook он жылдай убакыттан бери рынокто ири компания болгон үчүн майда атаандаштарына басым жасап, монополист болуп келе жатат. Атаандаш болчу компаниялар чыкса эле аларды ири суммадагы акчага сатып алып коет", — деди Нью-Йорктун башкы прокурору Летиция Жеймс.

Доочулар Facebook компаниясынан жогоруда сөз болуп жаткан эки тиркемени тең саттырууга аракет кылууда.

Ал эми Facebook өзү бул аракеттерди жөн гана ири бизнеске басым катары баалап, эгер мыйзам бузуу болсо, эмне себептен WhatsApp менен Instagram жаңыдан сатып алынып жатканда мындай каршылык көрсөтүлбөгөнүнө таң калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0