Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковЖогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында  митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразы болгондор эки күн катары менен парламенттин алдына чогулууда. Бүгүн эл өкүлдөрү үчүн "шылдың килеми" төшөлгөн.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында парламенттин алтынчы чакырылышын таратуу талабы менен митинг өтүп жатат.

Активисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан. Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда.

Видеого депутат Пархат Тулендыбаевди митингчилердин "Позор!" деп кыйкырып тосуп алып жатканы түшүп калган. Андан соң кадрдан депутат Анвар Артыковдун нааразы болгондор менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Акцияга чыккандар эл өкүлдөрүнөн Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум дайындоо демилгесин кайтарып алышын талап кылып жатышат. Эскерте кетсек, тиешелүү мыйзам долбоору кечээ биринчи окууда кабыл алынган.

© Sputnik / Эркин СадыковАктивисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан
Активисттер бүгүн эртең менен шылдың килемин төшөп коюшкан - Sputnik Кыргызстан
1/2
Активисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан
© Sputnik / Эркин СадыковАкция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда
Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда - Sputnik Кыргызстан
2/2
Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда
1/2
Активисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан
2/2
Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда

Бүгүн депутаттар аны экинчи окууда карамакчы.

Референдумду 10-январда өтүүчү президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү пландалып жатат. Анда кыргызстандыктарга башкаруунун парламенттик же президенттик формасын тандоо сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0