Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкектин айрым көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн тилке ачуу пландалууда

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКоомдук транспорт үчүн жол тилкеси. Архив
Коомдук транспорт үчүн жол тилкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жол менен коомдук транспорттун ылдамдыгын күчөтүп, жол тыгындарда туруп калуусун азайтуу көздөлүп жатат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектин кайсы көчөлөрүндө пилоттук долбоор катары коомдук транспорт гана жүрүүчү тилкелерди ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда Бишкектеги Троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков айтып берди.

Маалыматка караганда, мындай жол менен коомдук транспорттун ылдамдыгын күчүөтүп, жол тыгындарга туруп калуусун азайтуу пландалып жатат.

"Пилоттук долбоор катары айрым көчөлөрдү карап жатабыз. Алардын бири Түштүк магистралы (Сухэ-Батордон Абдрахманов көчөсүнө чейин). Бул көчөнүн кеңдиги биздин планды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Чүй проспектинен бир тилкени коомдук транспортко берүүгө болот (Ибраимов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин)", — деди Өмүрзаков.

Анын айтымында, бул нерсенин баары терең ойлонулуп, кылдат жасалышы керек.

"Алгач Түштүк магистралында жасап көрөлү, бардыгы ойдогудай болуп берсе, шаардын башка көчөлөрүндө жасай баштайбыз. Көп нерсе каражаттан дагы көз каранды. Бардыгы жакшы болот деп үмүт кылып жатабыз", — деди жетекчи.

Буга чейин мэрия Бишкекте коомдук транспортту реформалай турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0