Ысык-Көлдө жасалма доллар менен соода кылган киши кармалды. Сүрөт

© AFP / CHIP SOMODEVILLAАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн адамдын айтымында, ал 5000 жасалма чет элдик валютаны 2000 АКШ долларына сатып алган. Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен соода кылып, калдык акчаны сом менен алып жүргөн.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө элди алдап, жасалма доллар менен соода кылып жүргөн деген Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдө элди алдап, жасалма доллар менен соода кылып жүргөн деген Бишкек шаарынын тургуну кармалды
Ысык-Көлдө жасалма доллар менен соода кылган киши кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө элди алдап, жасалма доллар менен соода кылып жүргөн деген Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Ага ылайык, буга чейин Жети-Өгүз РИИБине Кызыл-Суу жана Дархан айылдарынын тургундары арыз менен кайрылып, азиат тектүү киши жасалма доллар менен соода кылып, алдап кеткенин айтышкан.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жер ресурстары агенттигинин алдындагы Кадастр мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармады - Sputnik Кыргызстан
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Ушундай эле окуя Каракол шаарында да болгону аныкталган. Анда 20-ноябрда белгисиз адам дүкөндөн соода кылып, жасалма 100 доллар төлөп, калдык акчасын сом менен алган.

Аталган фактылар Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле Жазык кодексинин 225-беренеси ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Бул боюнча ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери жакында шектүүнүн ким экенин аныктап, колго түшүрүшкөн. Ал Бишкек шаарынын 29 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну болуп чыкты. Биринчи суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган", —деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөн адамдын айтымында, ал 5000 жасалма чет элдик валютаны 2000 АКШ долларына сатып алган. Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен соода кылып, майда акчасын сом менен алып жүргөн.

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиПоддельная сто долларовая купюра, обнаруженного у подозреваемого в Джети-Огузском районе
Колго түшкөн адамдын айтымында, ал 5000 жасалма чет элдик валютаны 2000 АКШ долларына сатып алган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Колго түшкөн адамдын айтымында, ал 5000 жасалма чет элдик валютаны 2000 АКШ долларына сатып алган
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиПоддельная сто долларовая купюра, обнаруженного у подозреваемого в Джети-Огузском районе
Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен соода кылып, майда акчасын сом менен алып жүргөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен соода кылып, майда акчасын сом менен алып жүргөн.
1/2
Колго түшкөн адамдын айтымында, ал 5000 жасалма чет элдик валютаны 2000 АКШ долларына сатып алган
2/2
Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен соода кылып, майда акчасын сом менен алып жүргөн.

Жасалма акча кайдан, канча өлчөмдө келгенин аныктоо үчүн милиция ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

Жети-Өгүз РИИБи кармалган адам элден жасалма доллар менен соода кылган болсо, райондук милицияга кайрылып же 0700058999, 102 телефондоруна чалууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0