Республикалык штаб: ЖОЖдорду ачуу үчүн алгоритм иштелип чыгууда

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУниверситеттин студенттери семинар учурунда. Архив
Университеттин студенттери семинар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айрым аймактарда мектептер четинен ачыла баштады. Ал эми студенттер аралыктан окуусун улантууда.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Учурда атайын жумушчу топ жогорку окуу жайларында билим берүү процессин уюштуруу боюнча деталдуу алгоритмдерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Эпидемиологиялык абалды жана адистиктер боюнча окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ЖОЖдордо окуу процессин уюштуруунун деталдуу алгоритмин иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөн. Учурда алар документти даярдап жатат", — деп айтылат бидирүүдө.

Эске салсак, былтыркы окуу жылынын акыркы айларынан тарта студенттер менен окуучулар (быйыл 1-класстын окуучуларын эске албаганда) аралыктан окуп жатышат. Бирок акыркы мезгилде эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айрым аймактарда мектептер четинен ачыла баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0