Диетолог кандай оорусу барлар мандарин жебеши керектигин айтты

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүМандариндер. Архив
Мандариндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мандаринди көп жеген учурда адам сынынан кетет. Башкача айтканда, ашыкча салмак кошот. Себеби цитрус жемиштеринин ичинен мандариндин курамында фруктоза көп.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россиядагы тамактануу жана биотехнология боюнча федералдык изилдөө борборунун илимий кызматкери, диетолог Ольга Григорьян майрам күндөрү кимдер мандаринди азыраак жеши керектигин, кимдер бул жемиштен таптакыр эле баш тартып койгону оң экенин айтып берди. Дарыгердин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Медиктин айтымында, мандаринди көп жеген учурда адам сынынан кетет. Башкача айтканда, ашыкча салмак кошуп алышы мүмкүн. Себеби цитрус жемиштеринин ичинен мандариндин курамында фруктоза көп.

"Мандаринди арыктайм дегендер, ашыкча салмактан жабыркап жүргөндөр жана кант диабети барлар тарта жеши керек. Күнүнө эки гана мандарин жесе жетет, андан ашык жегенге болбойт", — деди Григорьян.

Диетолог белгилегендей, бул тропикалык жемиштен аллергиясы барларга бөрү жатыш чыгып кетет. Ошондой эле аллергия башталып, мурун бүтүп, адам муунушу да ыктымал.

"Аллергия менен жабыркап жүрсөңүз, бул жемиштен баш тартып эле койгон оң. Ал эми балдарга азыраак бериш керек", — деди медик.

Адис ичеги-карын оорулары менен жабыркап жүргөндөргө да цитрус жемиштерин сунуштаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0