Аламүдүн районундагы айрым мектептер бүгүн ачылган жок. Себеби

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМектептеги окуу кабинети. Архив
Мектептеги окуу кабинети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 7-декабрдан тарта аталган райондогу 34 мектепте салттуу режимде окуу баштала турганын маалымдаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана Лебединовка айылдарында бүгүн мектептер ачылган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Шеркулова билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 7-декабрдан тарта аталган райондогу 34 мектепте салттуу режимде окуу баштала турганын маалымдаган.

Бирок бүгүн айрым мектептердин окуучуларына жана ата-энелерине "окуу азырынча онлайн түрүндө уланат" деген билдирүү келген.

"Аламүдүн жана Лебединовка айылдарындагы мектептер бешинчи күнү башчылары менен байланыша албай, макулдашылбай калган. Бул маселе боюнча аталган айыл өкмөттөрүндө бүгүн чогулуш болуп, кайсы күнү окуу башталарын такташат. Ал эми Көк-Жар айылындагы мектеп 10-декабрда ачылмай болду", — деди Шеркулова.

Ал райондогу калган мектептер бүгүндөн тарта окуп баштаганын белгиледи. Белгилей кетсек, аталган райондогу мектептерди ачууга Аламүдүн райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору текшерүүдөн кийин уруксат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0