Жол кырсыгына кабылган Ысык-Көлдүн жетекчисинин абалы айтылды

© © SputnikӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев кабылган жол кырсыгы. Архив
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев кабылган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 23-ноябрда эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон. Алган жаракатынан улам ал ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эртең ооруканадан чыгып, ишке киришет. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.

Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолтандабасты, дүкөндү жана түркүктү сүзгөн автоунаа. Токмоктогу кырсыктын видеосу
Жол кырсыгы 23-ноябрда эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон. Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып рулду башкара албай калганы айтылат. Мунун кесепетинен жолтандабас оодарылып кеткен. Салондогу Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган. Кийин аны дарыланууга Бишкек шаарына которушкан.

"Жетекчинин абалы жакшырып калды. Ал тургай облусту өнүктүрүү боюнча Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү. Эртең ооруканадан чыгып, ишке киришет", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Эске салсак, Жантаев Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп ноябрь айында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0