ЖКККББ Чүйдө өткөн аптада жол эрежесин канча адам бузуп кармалганын айтты

Жазылуу
Жол эрежесин бузгандардын ичинен 14 айдоочу автоунааны мас абалында башкарып бара жатканда кармалган. Ошондой эле 74 автоунаа айып короого токтотулган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өткөн аптада Чүй облусу боюнча жол эрежесин бузган 1 817 учур аныкталган. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББ маалымат кызматы кабарлады.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Ага ылайык, жол эрежесин бузгандардын ичинен 14 айдоочу автоунааны мас абалында башкарып бара жатканда кармалган. Ал эми катуу ылдамдык менен айдаган 526 учур катталса, 14 айдоочунун жанында документи жок болуп чыккан. Мындан сырткары, 74 автоунаа айып короого токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды этият болууга жана жол эрежесин бузбай айдоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0