Күлүп жүргүлө! Окумуштуулар узак жашоонун сырларын айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКүлүп жаткан кыздар. Архив
Күлүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичимдик менен чылымдан баш тартуу, тамакты түрлөп, таптап жегендик да көп жыл жашоого мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар жаман адаттардан баш тартып, тамакты түрлөп жеп, дайыма күлүп жүргөн адамдын узак жашаарын аныкташкан. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Окумуштуулар атайын эксперимент жасап, 70 жаштан 90 жашка чейинки 832 аял менен 1 507 эркектин маалыматтарын чогултушкан.

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер
Иликтөөнүн жыйынтыгында жайдары адамдар кабагын бүркөп жүргөндөргө салыштырмалуу 18 пайызга узак жашай турганы аныкталган. Илимпоздор кубаныч тартуулай турган бир нерсе менен алаксыш керек деген кеңешин беришкен.

Узак жашайм деген адам түрлөп тамак жеп, андан сырткары, диета кармашы керек дешкен окумуштуулар.

Ичимдик менен чылымдан баш тартуу дагы көп жыл жашоого мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0