15:39 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
825310

Наргиза Жакыпова жолдошу менен Германиянын борборундагы эң тынчы жок райондо жашаган күндөрүн эскерет. Тегеректе үй-жайсыз кишилер, баңгизат сатуучулар жайнайт. Ал эми жубайлар эң арзан хостелде эки керебет ижаралоого аргасыз болушат…

Бул жаш үй-бүлөнүн Германияда кыйынчылык тарткан күндөрү да болгон. Наргиза жумуш таппай кыйналат, жолдошу Алманбет шыбакчы болуп орношуп, ар таңда курулушка жөнөйт. Эки жаш андайды кыялданышкан эмес эле!

Бир жолу программалоо боюнча акысыз сабак тууралуу жарыяга көзү чалдыгат. Ошол жарнама жубайлардын жашоосун түп-тамырынан өзгөртөт. Ал эми бүгүн алардын жеке бренди менен программалоо курстары бир нече өлкөдө иш алып барат.

— Өзүңүз туурасында айтып берсеңиз.

— Нарын облусуна караштуу Чет-Нура айылында туулуп-өскөм. Атамдан төрт жашымда калыпмын. Апам айылдык мектепте 30 жыл мугалим болуп иштеген. Нарын шаарына каттаганым мен үчүн майрамдардын майрамы болчу. Чоң дүйнөгө кабылгандай болчу элем... 20 өлкөнү кыдыргандан кийин азыр Нарын ушунчалык кичинекей эле шаар экенин түшүндүм.

Директор академии по программированию Наргиза Жакыпова за работой
© Фото / предоставлено Наргизой Жакыповой
Наргиза Жакыпова Нарындын Чет-Нурасында жарык дүйнөгө келген. Германияда жубайы менен бир топ жыл эмгектенип, учурда IT-тармагында Кыргызстанда ийгиликтүү алып барып жатышат.

— Борборго качан көчүп келдиңиз?

— Тилекке каршы, айылдарда аялдардын укугу корголбойт. Дал бүтүрүү кечесинен соң кыздарды ала качып кетишер эле. 11-класстын окуучу кыздары ошентип бирөөгө жар болуп кала беришчү. Балким андай көрүнүш азыр деле сакталгандыр. Келиндин көзү көгөргөнү кадыресе көрүнүш катары кабыл алынчу. Эркектер чогулуп, ичкилик таткандан башка кыларга иши жок... Апам менин жашоомдун башкача болушун самачу, ошондуктан алтынчы классты аяктаган соң Бишкекке көчтүк.

— Айылдык кызга шаар турмушуна көнүп кетүү жеңил эле болдубу?

— Бишкектеги №5 мектеп-гимназиясына кирдим. Орусча билбеген, кийимдери жупуну, эки жүзү анардай жанган тестиер кызды элестетип көрүңүз... Биздин класста шаардык жана айылдык деген бөлүнүү бар эле. Айылдыктарды шылдыңдап калышчу, бирок жакшы окугандыктан жарым жыл өтпөй баары менен достоштум. Шаардык кыздар деле бирөөдөн көчүрүшү керек да.

Борбор Азиядагы Америка университетине өтсөм дечүмүн, бирок акысын төлөөгө акча жок эле. Буга карабай англис тилин болушунча окууга кириштим. Тил курстарын төлөөгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан акысыз китепканага барчумун. Мектептен чыгып ал жакка жөө жөнөйм, көтөргөнүм оор китептер...

Бардык жолун издедим, окуу жайдын стипендиясына тапшырык бердим, кирүү экзамендерин тапшырдым. Тийиштүү балл алганым менен арзандатуу чоң болгудай жогору балл топтой албапмын. Балким өз алдынча окуунун кемчил жагы ушулдур. Мага 10 пайыз гана арзандатып беришти. Ошондо апам: "Лебединовкадагы жарым үйүбүздү (экинчи бөлүгү башка кожоюнга таандык турак жай) сатып, шаардан ыраак жерден арзанын алалы. Окууңа шарт түзүлөт", - деди. Мен башка бир билим берүү фондуна документ тапшырдым, көп өтпөй мага телефон чалышты. Төрт жылдык окуу акысын төлөп, стипендия да берүүгө даяр экенин кабарлашты. Башкача айтканда, ошол фонд менин билим алуума 20 миң доллардан ашуун каражат сарптаган! Азыр сизге айтып берип жатып таптакыр эле тааныбаган адамдардын мага ишенгенине эреркеп ыйлагым келет. Ошентип экономист адистигин өздөштүрө баштагам.

Директор академии по программированию Наргиза Жакыпова в Париже
© Фото / предоставлено Наргизой Жакыповой
"Тилекке каршы, кыргызстандык окуу жайлардын көпчүлүгүнүн программалары анчалык тез жаңыртылбайт, ал эми IT-чөйрө өтө тез өнүгүүдө. Жаңы тилдер, жаңы технологиялар пайда болууда. Бүтүрүүчүлөрдүн билими жумушка орношууга жетишсиз болуп калууда", - дейт Наргиза Жакыпова.

— Америкалык университетте бала кезден ар кандай курстардан өткөн, кошумча сабак алган, репетиторлордун көмөгү менен машыккандар окушат. Алар менен оңой эле тил табыша алдыңызбы?

— Ооба, чындап эле ал жакта "эл каймактарынын, чоңдордун" уул-кыздары билим алчу. Ошону менен бирге эле Кыргызстандын булуң-бурчунан сынактардан өткөн, Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогору балл алган бүтүрүүчүлөр да бар эле. Маселен, студенттердин көпчүлүгү англис тилин суудай билчү, ал эми мен көп нерсени түшүнө бербейт элем. Бирок адамды анын өнүгүүсү үчүн татаал чөйрөгө аралаштыруу пайдалуу. Маселен, Бишкекке жаңыдан көчүп келгенимде класста эң чабалы мен элем, бирок кийин эң күчтүү окуучуга айлангам. Университетте башында англис тилин начар билчүмүн, анткен менен бара-бара "бешке" окуй баштагам.

— Адатта студент мыкты окуп, дипломду колго алат, бирок окууну аяктаган соң эч жакка жумушка алышпайт эмеспи.

— Жок, мен дароо эле кореялык логистикалык компанияга ишке кирдим. Ошол тушта бизге ар кайсы өлкөлөрдөн, айрыкча Япониядан көп автоунаа ташып келинчү. Директорубуз Түштүк Кореядан келген ишкер эле. Ошол киши мага көптү үйрөттү, магистратурада окуу менен ишти айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Ошол бир жарым жыл абдан оор болгон: сабакта отурам, Skype аркылуу Япониядагы өнөктөштөр менен кат алышам. Ошондой күндөрдүн биринде биздин фирма аркылуу жүздөгөн машина ташый турган ири өнөктөш тапкам. Ал аракетим үчүн жетекчим компаниядан мага үлүш бөлүп, башкарууну да иш жүзүндө мага табыштаган. Биринчи ирет ири суммадагы акча менен дал ошол маалда бет келиштим: миллиондогон доллар айлантылчу.

Талбай иштечүмүн. Мисалы, мага түндүн бир оокумунда Казакстандын чек арасында жүк туруп калганы тууралуу билдирүү келет. Бир күн кармалса, 100 доллар төлөнөт. Кардарга айып пул төлөбөш үчүн маселени тезинен чечүүгө тийиш элем.

Директор академии по программированию Наргиза Жакыпова с мамой на выпускном Академии ОБСЕ
© Фото / из личного архива Наргизы Жакыповой
Наргиза Жакыпова: Апамдан төрт жыл мурда – окууну аяктап, анын каалаганын орундатууга, саякатка жиберүүгө эми гана мүмкүнчүлүгүм пайда болгондо ажырадым... Тилекке каршы, мени өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирүүгө үлгүрбөй калдым.

Жаңы жыл күндөрү да үйгө эртерээк кайта албадым. Апам майрамдык дасторконду өзү даярдап, балатыны да жалгыз кооздоду. Үйгө кеч, бирок чоң акча – бир жылдык бонусту алып келдим... Ошондо катуу чаалыкканымды, бул иштен кетүү керектигин аңдагам.

Жеңилирээк, бейөкмөт уюмдан иш таптым. Андан көп өтпөй апам рак кеселине кабылганын билдим. Кийинки жылы таптакыр башкача тостук: апам төшөктө, мен жалгыз дасторкон жайып, балатыны өзүм кооздодум. Андан мурунку жылы бирге өткөргөн учурларыбыз өтө аз болгонуна ичим ачышты.

Жарым жылдан кийин апамдын көзү өтүп кетти. Көрсө, ал дартка чалдыкканын эки жыл мурун билип, айыкпай турганына моюн сунган экен. Элдик каражаттар менен дарыланууга тырышат, бирок алардын шыпаасы тийбейт. Апамдан төрт жыл мурда – окууну аяктап, анын каалаганын орундатууга, саякатка жиберүүгө жетишип калганымда ажырадым... Тилекке каршы, мени өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирүүгө үлгүрбөй калдым.

— Болочок жолдошуңуз менен кандайча таанышкан элеңиз?

— Кызык окуя болгон! Кесиптештерим жалгыз калгандыгымдан кабардар эле, андан улам мени турмушка чыгып алса экен дешчү. Жамаатыбыз менен кызматкерибиздин үйлөнүү үлпөтүнө барып калдык. Той аяктап калган, Алманбет ата-энесин алып кетүү үчүн келиптир.

Биздин каржы директорубуз Индира "карачы, кандай жигит" деп калды. Кийин директор аны биз отурган столго чакырып келди. Аябай ыңгайсыз болдум!.. Чогуу түшкөн сүрөтүбүздөн Алманбет мени көрсөтүп Индирадан телефон номеримди сураптыр. Ошентип таанышып калганбыз. Кийин тоюбузга бүт жамаатыбызды чакырганбыз.

Директор академии по программированию Наргиза Жакыпова в Берлине
© Фото / предоставлено Наргизой Жакыповой
Жубайлар Алманбет менен Индира Германияда алгач, бир топ кыйналып, андан кийин иштин көзүн таап кеткен.

— Жолдошуңуз менен кандайча бизнес ачып калдыңыз?

— Баары Германияда башталды. Ушул өлкөдө билим алгым келчү, ал түгүл университетте немец тилин үйрөнгөм. Баш кошкондон кийин жолдошум менен виза ачтырып, Германияга кетүүнү чечтик. Ал жакта бизди эч ким деле күткөн эмес.

Германияда акчабыз дээрлик калбай калган, визаларыбыз өтө кымбатка түшкөн. Берлиндин эң коркунучтуу району Варшауэр штрассына жайгаштык. Көчөдө баңгизат сатуучулар, үй-жайсыздар жүрөт... Бишкекте жүргөндө Германия ушунчалык кооз, таптаза туюлат, ал эми чындыгында андай райондор бардык жерде бар.

Бир орун 15 евро турган хостелге бардык. Эркектер менен аялдар бир бөлмөдө жашайт экен. Башка кишилер менин уктап жатканымды көрбөсүн деп Алманбет шейшептерди керебетке көшөгө кылып тартып койгон. Немец тилин билбесе деле шыбакчы болуп ишке кирди. Өмүрүндө андай кара жумуш кылбай, курулушка дегеле чыгып көргөн жан эмес эле. Кеңседеги ишке көнгөн катардагы шаардык жигит...

— Эмне үчүн Бишкекке кайткан жоксуздар? Бул жакта акчадан кыйналчу эмессиздер да.

— Артка жол жок деп эсептедик. Жумуштан кетерден мурда мага андан жогору орунду сунушташкан, бирок мен баш тарткам. Жолдошум да жумушун толук жыйыштырган. Алдыга гана кадам таштоого тийиш элек.

Көп өтпөй турак жай таптык. Албетте, өзүнчө батир эмес, бир бөлмөнү 500 еврого ижараладык. Күн сайын Алманбет таңкы саат 6да туруп, формасын кийип курулушка кетет. Жумушка кирүүгө бар күчүмдү жумшадым, бирок билимим жетишерлик эмес экен. Англис тилин да, немец тилин билгеним да көмөкчү болбоду. Германиянын өзүнүн экономисттери жетишерлик...

Интернетте жумуш издеп жатып программалоо боюнча акысыз сабак жөнүндөгү жарыяга көзүм урунду. "Бизге программалоонун зарылдыгы эмне" деп жолдошум  көңүлдөнбөдү. Ал эми мен аябай кызыгып калдым. Ошол маалда Кыргызстанда IT-чөйрө жаңыдан пайда болуп, анын келечеги кандай болорун эч ким элестете алган эмес. Акысыз сабактан кийин ушул багытта окуй турган болдук. Алманбет таңда дубалдарды шыбайт, кечинде экөөбүз курска барабыз.

— Программалоо кыйла татаал го...

— Мен да ошентип ойлочумун, бирок чындыгында анчалык деле кыйын эмес. Мисалы, бий менен алектенген кыз биз менен бирге окуган. Кийин ал мыкты адис болуп чыга келди.

Курсту аяктаарым менен IT-чөйрөдөн жумуш таптым. Мисалы, саатына 25 евро төлөнгөн буюртма алдым. Бул – эки миң сомдон ашуун каражат. Апам мектепте иштеп жүргөндө айына 3 миң сом алчу, ал эми бул багытта саатына ошончо төлөнөт!

Google компаниясындагы жигит менен бирге иштешкем. Бир жумуш орун бошогондо ал мага резюме тапшырууну сунуштап калды. Элестетиңиз, ошентип Google командасына мүчө болуп калгам. Бул – мен үчүн чоң сыймык.

— Эмнеликтен Кыргызстанда иш ачууну чечтиңиздер?

— Буга мекенчилдик сезим түрткү болду. Жолдошум берлиндик бир академия менен макулдашып, анын методикасы менен окуткан мектепти мекенибизде да ачтык.

Программалоо — учурда суроо-талап күч алган тармак. Ар кандай божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстанга 50 миң программист талап кылынат, ал эми бизде азыр беш миң гана чыгат.

Өлкөдө ушул тапта бул маянасы жогору кесип болуп саналат. Окуучуларыбыз алты айлык курсту аяктаган соң эч көйгөйсүз жумуш таап, миң доллардан айлык алат. 18 жашар жигит Дубайдагы бир ишканадан аралыктан иш таап, 1200 доллар маяна тапчу.  Программисттер бардык мамлекеттерде тартыш, аларды Европа, Америкада жөн эле ишке алышат.

Директор академии по программированию Наргиза Жакыпова в крупномасштабном IT конференции в Бишкеке
© Фото / предоставлено Наргизой Жакыповой
Наргиза Жакыпова: IT жаатындагы билим берүү кызматтарына суроо-талап абдан күч. Мисалы, биз азыр Тажикстандын 130 миң калкы бар шаарында филиал ачтык. 10 күн ичинде 80 окуучу алдык.

— Бизде бул кесипти университеттерде окутушат. Жогорку окуу жайдагы билим берүү азыркы керектөөлөргө шайкешпи?

— Тилекке каршы, кыргызстандык окуу жайлардын көпчүлүгүнүн программалары анчалык тез жаңыртылбайт, ал эми IT-чөйрө өтө тез өнүгүүдө. Жаңы тилдер, жаңы технологиялар пайда болууда. Бүтүрүүчүлөрдүн билими жумушка орношууга жетишсиз болуп калууда.

Билим берүү кызматтарына талап абдан күч. Мисалы, биз азыр Кожентте, тагыраагы, Тажикстандын 130 миң калкы бар шаарында филиал ачтык. 10 күн ичинде 80 окуучу алдык!

— Франшизасын да сатат экенсиздер. Мисалы, балдар үчүн программалоо академиясын ачкым келди дейли. Сиздерден франшиза сатып алып, сиздердин бренд менен иштей беремби? Эмнеси менен пайдалуу?

— Окутуучуларды өзүбүз даярдайбыз, программа, маркетингди толук камсыздайбыз. Ар кайсы өлкөдө академияларды ача алдык, бирок эбак сегиз филиал ачкандыктан үлгүрө албайбыз. Ошондуктан франшизаны уюштурдук. Албетте, бул өз мектептериңе караганда анчалык кирешелүү эмес. Анткен менен компания тез өнүгөт.

Франшизанын наркы — калктуу пунктуга жараша 200 миң сомдон өйдө. Бирок кирешеси да жогору: сиз айына 150 миң сомдон кирешени эсептесеңиз болот.

— Коронавирус эпидемиясы сиздердин ишке катуу таасир этти деп айтууга болобу?

— Башында кырдаал начар деп ойлогонбуз, бирок онлайн иш алып баргандыктан дагы көп киреше таба алдык. Биз иштин стратегиясын ыкчам өзгөрттүк. Андыктан бизнес жабыр тарткан жок. Көпчүлүк үчүн карантин – онлайн билим алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Тема боюнча

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны
Белгилер:
Кыргызстан, Германия, ишкер, аял, программист, жубайлар

ЭҢ МААНИЛҮҮ