Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер

Жазылуу
"Карысы бардын — ырысы бар" дейт кыргызда. Балалыгы оор мезгилге, жаштыгы согуштун каардуу жылдарына туш келген энелерибиз бүгүн 100 жаштан өтүп, кылым карыта жашап отурат.

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда, Кыргызстанда 100 жаштан ашкан 913 карыя бар. Алардын ичинен 340ы — эркек, 573ү — аялдар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги республикадагы эң улгайган карыялар менен баарлашып, кылым карыткан энелердин акыбалын билип көрдү.

Неберелерине өзүн алып жүрүү адебин үйрөткөн 110 жаштагы Лайли апа

© Фото / из архива семьи Мамытовых110 жаштын чайын ичип жаткан Лайли Мамытованын эки уул, эки кызы бар
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
110 жаштын чайын ичип жаткан Лайли Мамытованын эки уул, эки кызы бар

110 жаштын чайын ичип жаткан Лайли Мамытованын эки уул, эки кызы бар. Улуу баласы 70 жаштан өткөндө, былтыр узакка созулган оорудан улам каза болуп калган. Апа кышкысын Ош шаарында кичүү баласынын үйүндө болот. Ал эми жайкысын Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган неберелери салкыныраак айылда багышат.

Кичүү баласы Байзак Мамытов апасы азыр да неберелерине өзүн кантип алып жүрүү керектиги тууралуу акыл-насаатын айтып турарын баяндап берди. 

"Кээде сурап калсам "адамдын денеси эле карыйт экен, жан дүйнө, ички туюму, сезими, жүрөгү ошол бойдон эле калат тура" деп айтат. Азыр бир аз эске тутуусу начарлап калды. Болбосо ден соолугу жакшы. Бирок жашылча-жемиш көп жебейт", — деди уулу.

Чоң эне өмүр бою колхоздо саанчы болуп иштеген.

© Фото / из архива семьи МамытовыхЛайли чоң апанын 18 небереси, 15 чөбөрөсү жана эки кыбырасы бар. Чоң эне мамлекеттен 6,5 миң сом пенсия алат
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Лайли чоң апанын 18 небереси, 15 чөбөрөсү жана эки кыбырасы бар. Чоң эне мамлекеттен 6,5 миң сом пенсия алат

"Апам мындан үч-төрт жыл мурда радиодон жаңылыктарды укчу. Азыр сарсанаа болбосун деп көп нерселерди айтпай калганбыз", — деди ал.

Лайли чоң апанын 18 небереси, 15 чөбөрөсү жана эки кыбырасы бар. Чоң эне мамлекеттен 6,5 миң сом пенсия алат.

Дары-дармек ичип көрбөгөн 109 жаштагы Оңолкан эне

© Фото / из архива семьи УсуповыхЫсык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кожояр айылынын 109 жаштагы тургуну Оңолкан апа жаш кезинде колхоздо мыкты звеночу наамына татыган
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кожояр айылынын 109 жаштагы тургуну Оңолкан апа жаш кезинде колхоздо мыкты звеночу наамына татыган

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кожояр айылынын 109 жаштагы тургуну Оңолкан апа жаш кезинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, колхоздо мыкты звеночу наамына татыган. Муну менен катар абышкасы экөө бир нече ардак грамоталар менен да сыйланышкан.

Баткендеги 106 жаштагы эне, 80 жаштагы кызы аларга каралашар киши жоктугун айтышты - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги 106 жаштагы энени 80 жаштагы кызы багып, экөө чогуу жашайт
Оңолкан апанын ата-энеси оокаттуу адамдар болгондуктан совет өкмөтү келгенде кулакка да тартылышыптыр. Бирок ак эмгеги менен байыганы далилденип, кийин акталып чыкканын апанын уулу билдирди. Бул тууралуу убагында "Советтик Кыргызстан" гезитине да жарыяланган экен. 

Ата-энеси "элимдин жашоосу оңолсо экен" деген тилек менен кызына Оңолкан деген ысым ыйгарышкан. Оңолкан апа ушу кезге чейин дары-дармек колдонуп көргөн эмес. Болгону азыр көзү көрбөй калган.

"Апам жаш кезинде далайды көрүп, колхоздо жылаңайлак суу сугарган кездери болуптур. Айрыкча карагай тилип, машак терип, апийим тилгенде элден озуп, артта калган абысын-ажын, теңтуштарына жардам бергенин элден көп уккам. Согуш жылдарында тылда иштеген экен. Атам согуш башталганда кетип, согуш бүткөндө аман-эсен кайтып келиптир", — деди апанын уулу Саламат Усупов.

109 жаштагы Оңолкан апа бир уул, бир кыздын энеси болуп, экөөнү тең жогорку окуу жайында окуткан. 72 жаштагы уулунун кесиби инженер-куруучу, ал эми 58 жаштагы кызынын кесиби мугалим. Азыр экөө тең пенсияда.

© Фото / из архива семьи УсуповыхОңолкан апанын эс-тутуму абдан жакшы. Бир укканын ушу кезге чейин унутпайт. Тогуз небереси, 15 чөбөрөсү бар
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Оңолкан апанын эс-тутуму абдан жакшы. Бир укканын ушу кезге чейин унутпайт. Тогуз небереси, 15 чөбөрөсү бар

"Мен 1966-жылы мектепти аяктап, политехникалык жогорку окуу жайына тапшырдым. Атам 1967-жылы 2-курсумда каза болду. Апам карындашым экөөбүздү тең окутту. Таенем 90 жашка, таятам 80 жашка чыгып каза болушкан. Таятам удаа үч кыздуу болуп, кичүүсү апам болот. Кичинесинде таятам апамдын чачын желкесине түйүп, тай мингизип, ырымдап эркек баладай жанында алып жүрчү экен. Апамдан кийин таенем уул төрөптүр. Ал эми бала кезинде кой айдап баратып чыга калган жылан менен арбашканын да көп айтып берет", — деди уулу Саламат ата.

Апа учурда алты миң сом пенсия жана эки миң сом жөлөк пул алат. Чоң эне жети-сегиз жылдан бери төшөктө жатып калганы менен өзү отуруп тамак-ашын жеп, балдарына аркы-беркиден кеп уруп берет.

"Илгери тамак-аштын түрү аз болсо да, кошулмасы жок таза болгон да. Апабыз кичинесинен ички-сырткы иштерге тың, чыйрак өсүптүр. Узак жашагандагынын сыры ушунда болуш керек деп ойлойбуз", — деди небереси Улан.

Эненин эс-тутуму абдан жакшы. Бир укканын ушу кезге чейин унутпайт. Тогуз небереси, 15 чөбөрөсү бар.

107 жашында очок салган Айымкан апа

© Фото / из архива семьи ШабдалиевыхАйымкан Шабдалиева 1913-жылы Талас облусунун Талас  районуна караштуу Көк-Токой айылында туулган. Жети эркек баласы, бир кызы бар. 107 жашта
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Айымкан Шабдалиева 1913-жылы Талас облусунун Талас  районуна караштуу Көк-Токой айылында туулган. Жети эркек баласы, бир кызы бар. 107 жашта

Айымкан Шабдалиева 1913-жылы Талас облусунун Талас  районуна караштуу Көк-Токой айылында туулган. Жети эркек баласы, бир кызы бар. Учурда төрт уулу аман-эсен. Апа азыр да эшикке өзү кирип чыгат.  Жайында неберелерине саман кошуп кирпич жасатып алып, эшиктин алдына тамак жасаганга өз колу менен кичинекей очок салып, сыртын да шыбаган.

107 жаштагы апаны эң кичүү уулу Кенжекул Шабдалиев багып жатат. Небереси Руслан Шабдалиев чоң апасынын ушул кезге чейин чыйрак, эмгекчилдигине таң берет. 

© Фото / из архива семьи ШабдалиевыхНебересинин айтымында, чоң энеси 100 жашка чейин деле келини жокто өзү уй саап койчу. Кылым аша жашаган апанын пенсиясы 7300 сом. Айымкан апанын 54 небереси, 60 чөбөрөсү бар
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Небересинин айтымында, чоң энеси 100 жашка чейин деле келини жокто өзү уй саап койчу. Кылым аша жашаган апанын пенсиясы 7300 сом. Айымкан апанын 54 небереси, 60 чөбөрөсү бар
"Канчалык көп кыймылдаса, ошончолук чыйрак болуп, өзүн жеңил сезип каларын айтат. Чоң апам узак жашаганына бээнин сүтү себепкер дейт. Бала чагынан тоодо өсүп сүттү көп ичиптир. Анан чоң атам да чабан болчу. Өмүр бою бээнин сүтү, кымыз менен жашаган", — деди Руслан.

Небересинин айтымында, чоң энеси 100 жашка чейин деле келини жокто өзү уй саап койчу. Кылым аша жашаган апанын пенсиясы 7300 сом. Айымкан апанын 54 небереси, 60 чөбөрөсү бар.

Жүз жашында кийиз жасаган 106 жаштагы Ажар эне

© Фото / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Ажар Эгемова 106 жашта
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Ажар Эгемова 106 жашта

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Ажар Эгемова 106 жашта. Узак жашаган байбиче учурда кичүү уулу Ниязаалы Жумабаевдин колунда.

Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян
Апанын абышкасы 1972-жылы каза болгон. Он баласы бар, алардын ичинен улуу балдары - бири 82, экинчиси 73 жашында каза болуп калышкан.

54 жаштагы Ниязалы аганын айтымында, чоң эненин төшөккө жатып калганына бир жыл болуп калды. Ага чейин баскан-турганы тың, 100 жашында деле өзүнүн кийимдерин жууп, ийик ийрип, кийиз жасачу экен.

Ал апасынын узак жашоосунун сыры, биринчиден, чыйрактыгынан, экинчиден, батанын касиетинен деп эсептейт.

"Апам биз кичине кезде жайыл дастаркон аял эле. Айылдагылар үчүн биздин үй чайкана болчу. Эч кабагым-кашым дебей жаркылдап тамагын жасап жаны тынчу эмес. Ысык нан, жаңы тамак жасаса деле коңшуларды, аксакалдарды тамакка чакыра берчү. Ары-бери өткөн жолоочулардын баштыгына дайыма нан, жармасын даярдап бизди чуркатып берип жиберер эле. Ар дайым адамдарга жакшылык гана каалап турчу. Ошентип элдин батасын көп алса керек. Азыр да бизге "бирөөнү ушактабагыла, жаман ойлобогула. Киши келсе жаркырап, тамагыңарды берип койгула, балам" деп көп айта берет", — деди уулу.

106 жаштагы эне жаш кезинде Фергана каналында, Кызыл-Кыядагы "Сурма" комбинатында иштеп, Ала-Букадагы суу сактагычты салууга катышкан.

"Согуш убагында айылда эркектер жок, каза болгондорду жалаң келиндер көмүшчү экен. Апам "келиндер көрүстөн казып, жаназасы жок эле далай маркумду көмдүк" деп азыр да айтып ыйлай берет. Бир топ жумушта иштешиптир. Учурда небере, чөбөрө, кыбыра, дыбыраларын кошкондо үч жүзгө жетет. Он баласынын ар биринин жок дегенде эле жети-сегизден баласы бар", — деди уулу Ниязалы Жумабаев. 

© Фото / из архива семьи ЭгемовыхУулунун айтымында, апа ушу кезде да мамлекеттин абалын ойлойт. Кулагы эле жакшы укпай калганы болбосо ден соолугу мыкты. Азыр деле 100-150 метр алыста кетип бара жаткан адамды таанып, чайга чакырта берет экен
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Уулунун айтымында, апа ушу кезде да мамлекеттин абалын ойлойт. Кулагы эле жакшы укпай калганы болбосо ден соолугу мыкты. Азыр деле 100-150 метр алыста кетип бара жаткан адамды таанып, чайга чакырта берет экен

Ал билдиргендей, узак жашаган апа азыр 7 миң сом пенсия алат.

"Турмушка чыкканда атамдын фамилиясына өткөн экен. Буга чейин апамдын пенсиясын көбөйттүрөлү деген ойдо апамдан кыз кезиндеги фамилиясын сурасак макул болбой койду. "Балам, жаш кезде мамлекетке жакшы кызмат кылганыбыз үчүн жарым бөлкө менен сыйланганбыз. Ал заманда акыбал ошол эле. Көбөйтпөй эле койгула, кереги жок. Мамлекеттин акчасын албагыла. Пенсия алып эмне кыласыңар, андан көрө өкмөттүн акчасын колунда жокторго бергиле" деп көнбөй койгон", — деди Ниязалы ага.

Уулунун айтымында, апа ушу кезде да мамлекеттин абалын ойлойт. Кулагы эле жакшы укпай калганы болбосо ден соолугу мыкты. Азыр деле 100-150 метр алыста кетип бара жаткан адамды таанып, чайга чакырта берет экен.

Билим албай калганы жүрөгүндө калган 106 жаштагы Разбан байбиче

© Фото / из архива семьи ДанияровыхОш облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл аймагынын тургуну 106 жаштагы Разбан Даниярова азыр кичүү келини Аниса Даниярованын колунда
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл аймагынын тургуну 106 жаштагы Разбан Даниярова азыр кичүү келини Аниса Даниярованын колунда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл аймагынын тургуну 106 жаштагы Разбан Даниярова азыр кичүү келини Аниса Даниярованын колунда. Апанын эки уул, бир кызы бар. Бирок кичүү баласы мындан 12-13 жыл мурун жол кырсыгына кабылып каза болуп калган.

Разбан апанын көрүүсү начарлап, жанында дайыма бир адам болот.

"Апам көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн экен. Кичине кезинде апасы өтүп кетип, таякелеринин колунда чоңоюптур. Кийин турмушка чыкканда да көпкө балалуу боло албай жүрүп, наристе жытын кеч искеген. Анан жолдошу да эрте каза болуп, балдарын эрезеге жалгыз жеткирген экен. Турмушта көп запкы көргөнү үчүн чыйрак өсүп, айыл ичинде тиричиликке тың болуптур", — деди келини.

Разбан апанын арманы билим албай калганында. 

© Фото / из архива семьи ДанияровыхРазбан апанын арманы билим албай калганында. Чоң эненин отуздай небереси, жыйырма чөбөрөсү бар
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Разбан апанын арманы билим албай калганында. Чоң эненин отуздай небереси, жыйырма чөбөрөсү бар

Келининин айтымында, кайненеси 14 жашка чыкканда 1-класска барган. Шартынын жоктугунан 3-4-класска чейин гана билим алат. Убагында билим алууга дилгир кыз мектепте алдыңкы окуучулардын катарына кошулуп, сыйлык алган да жайы бар экен.

Араванда 82 жаштагы студент аксакал төртүнчү кесипке ээ болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Араванда 82 жаштагы студент аксакал төртүнчү кесипке ээ болду. Видео
"Ошол кезде колдогон адам болгондо билим алмакмын" деп дайыма кеп кылчу. Кезинде "Манас" эпосу баштаган көп китептерди окуптур. Уул-келиндерине, неберелерине чейин окугандарын, тарыхты айтып берер эле. Кийин көзү жакшы көрбөй калганда телевизордон жаңылыктарды да калтырбай угуп, бизди кабардар кылып турчу. Эми эки жылдан бери анте албай, өзү менен өзү болуп калды", — деди Аниса эже.

Чоң эненин отуздай небереси, жыйырма чөбөрөсү бар.

Байбичелер менен шеринеге барган 105 жаштагы Мехринса эне

© Фото / из архива семьи ЭшиевыхОш облусундагы Ноокен районунун тургуну Мехринса Эшиева 1915-жылы туулган. Азыр 105 жашта
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Ош облусундагы Ноокен районунун тургуну Мехринса Эшиева 1915-жылы туулган. Азыр 105 жашта

Ош облусундагы Ноокен районунун тургуну Мехринса Эшиева 1915-жылы туулган. Азыр 105 жашта. Эки кыз төрөп, улуу кызы бала-бакыралуу болгондон кийин каза болуп калган. Учурда кичүү кызынын колунда. Мехринса апа абышкасы менен өмүр бою Кара-Суу коругунда иштеп, мал багышат. Кожоюну корукчу да болуп иштеген. Ал киши 1980-жылы 77 жаш курагында көз жумган. Учурда апанын ден соолугу жакшы. Эч качан төшөктө жатып ооруп көргөн эмес.

Небереси Гүлзара Каимшаева узак жашоо алардын тукумунда бар экенин айтат. 

© Фото / из архива семьи ЭшиевыхУчурда апанын ден соолугу жакшы. Эч качан төшөктө жатып ооруп көргөн эмес. Мехринса чоң эне көз айнекти 100 жашка чыкканда тагынган
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Учурда апанын ден соолугу жакшы. Эч качан төшөктө жатып ооруп көргөн эмес. Мехринса чоң эне көз айнекти 100 жашка чыкканда тагынган
"Биздин ата-бабаларыбыз баары узакка өмүр сүрүшкөн экен. Ушуга чейин көз тийбесин, эч кимибиз ооруп, узакка төшөккө жатып кала элекпиз. Таенем азыр өзү чай кайнатып, тамак ичип алат. Кошуналардыкына чейин кирип чыгат. Айылда байбичелер менен шеринеси бар. Ага барат. Апам (чоң эненин кызы) 70тен өттү, өткөндө коронавирус болуп биринчи жолу 20 күн төшөктө жатты. Таенебизге жугат го деп корктук эле, бирок энебиз кудай жалгап ооруган жок", — деди ал.

Анын айтымында, Мехринса чоң эне көз айнекти 100 жашка чыкканда тагынган. 105 жаштагы чоң эненин 18 небереси, 48 чөбөрөсү, 21 кыбырасы жана 35 тыбырасы бар.

Карыя мамлекеттен 7,5 миң сом пенсия алат.

Эти жок тамак ичпеген 102 жаштагы Мэри чоң апа

© Фото / из архива семьи КулмурзаевыхОш облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Мэри Кулмурзаева чоң апа быйыл 102 жашка толду
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Мэри Кулмурзаева чоң апа быйыл 102 жашка толду

Ош облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Мэри Кулмурзаева чоң апа быйыл 102 жашка толду. Анын бир уул, төрт кызы бар. Небере, чөбөрө, кыбыра, тыбыраларын кошкондо жүзгө жетет.

Мэри апа небереси Медербек Кулмурзаевдин колунда. Анын айтымында, чоң энеси эти жок тамак жебейт.

"Апам бардык тамактарды тандабай жей берет. Жаш кезинен күчтүү тамак менен тамактанып келген экен. Азыр эти кошулбаган тамак берсек, бир уурттап туруп коюп коёт. Ошону менен ичпейт. Сүт азыктарын абдан жакшы көрөт", — деди ал.
© Фото / из архива семьи КулмурзаевыхАпанын бир уул, төрт кызы бар. Небере, чөбөрө, кыбыра, тыбыраларын кошкондо жүзгө жетет
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Апанын бир уул, төрт кызы бар. Небере, чөбөрө, кыбыра, тыбыраларын кошкондо жүзгө жетет

Учурда апа 5,5 миң пенсия алат. Жаш кезинде жалаң айылдын, колхоздун жумуштарында иштеген. Апанын жалгыз уулу 57 жашында каза болуп калган, ал эми абышкасынын көзү өткөнүнө 40 жылдын жүзү болот.

Чоң эне азыр төшөктө. Үч жыл мурун буту ооруп, ошондон бери өз алдынча баса албайт. Бирок акыл-эси, тамак ичкени жакшы.

Суукта үшүп жатканын айткан 100 жаштагы Наалбү апа

© Фото / из архива семьи СатылгановыхНаалбү Сатылганова апа учурда Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында жашайт. Ал 100 жашта
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
Наалбү Сатылганова апа учурда Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында жашайт. Ал 100 жашта

Наалбү Сатылганова апа учурда Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында жашайт. Ал 100 жашта. бир уул, бир кызды жарыкка алып келген. Бирок мындан алты жыл мурун баласы 59 жашында оорудан улам каза болуп калган. Азыр 100 жаштагы апа келини Анара Көкөеванын колунда. Бир үйдө экөө эле жашашат. Он небере, он бештей чөбөрөнүн чоң энеси болгон байбиченин абышкасы 83 жашында көз жумган.

Апанын айтымында, ал жаш кезинде колхоздун жумушунда, согуш убагында тылда эмгектенген.

"Убагында биз кылбаган жумуш калган жок. Чөптү орок менен оруп иштеген да күндөр болгон. Колхоздун бардык жумуштарында жүрдүк. Эми карыганда мени эстеп, акыбалымды сурап койгон киши жок. Пенсиям эчтекеге жетпейт. Отуну жок отурабыз", — деди Наалбү апа.
© Фото / из архива семьи Сатылгановых"Убагында биз кылбаган жумуш калган жок. Чөптү орок менен оруп иштеген да күндөр болгон. Колхоздун бардык жумуштарында жүрдүк", — дейт Наалбү апа
Шерине ойноп, очок салып... Кыргызстандагы 100 жаштан ашып кылым карыткан энелер - Sputnik Кыргызстан
"Убагында биз кылбаган жумуш калган жок. Чөптү орок менен оруп иштеген да күндөр болгон. Колхоздун бардык жумуштарында жүрдүк", — дейт Наалбү апа

Келини Анара кайненеси азыр өз алдынча отуруп-туруп, эшик жылуу кезде сыртка чыгып-кирип турарын айтты.

Жүз жаштагы апанын пенсиясы алты миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0