Кең-Сайдагы дагы бир коррупция. Эки трансформатор сегиз эсе кымбат алынган

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТрансформатор. Архив
Трансформатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки трансформатордун баасы дээрлик сегиз эсе жасалма кымбат көрсөтүлүп, анын кесепетинен мамлекет тарткан чыгымдын баасы 73,4 миллион сом болгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ош облусундагы Кең-Сай конушуна 10 миллион сомдук эки трансформатордун баасын жогорулатып, 82,6 миллион сомго алынган коррупциялык фактыны Финансы полициясы таап чыгып, иликтеп жатат. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Эсептей келгенде алар өзүнүн баасынан сегиз эсеге кымбаттатылган.

Финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы иштин көлөмүн көбөйтүп жана мамлекеттик бюджеттин акчасын өз чөнтөгүнө салып алуу фактысын сотко чейинки өндүрүш менен иликтеп жатканы маалымдалды.

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз байыган. Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге иш козголду
Ош облусунун Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгы менен "Э" деп аталган ачык типтеги акционердик коому (Финполиция ишкананын атын так айткан жок) Кең-Сай конушун электр менен камсыздай турган, баасы 200 миллион сомдук курулуш иштерин аткарууга келишим түзгөн.

Башкы подрядчы болгон ачык типтеги акционердик коом келишимдин негизинде субподрядчы катары "С.Т." аталышындагы ЖЧК менен макулдашат. Анда айтылган ЖЧК электр жабдууларды алып келүү жана жалпы курулуш иштерин жасоо милдетин алган. Андан айтылган ЖЧК 82,6 миллион сомго эки даана трансформатор алып келген. Маалыматта анын өзүнүн баасы 10 миллион сом тургандыгы айтылды.

"Ошентип, эки трансформатордун баасы дээрлик сегиз эсе кымбат көрсөтүлүп, анын кесепетинен мамлекет тарткан чыгымдын баасы 73,4 миллион сом болгон. Эске сала кетсек, ушуга окшогон дагы бир факты боюнча аталган ЖЧКнын жетекчиси П.Т. кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, дал ушул Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолго бөлүнгөн 42,9 миллион сомго ишти аягына чейин бүтүрбөй койгон факты туурасында Финансы полициясы мындан эки күн мурда эле билдирген. Бүгүнкү күндө объект пайдаланууга берилбей, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0