Баткенде 213 мектеп салттуу түрдө иштеп жатат

Жазылуу
10-ноябрдан тарта аталган аймакта 173 билим берүү мекемеси ачылып, балдар мектепке барып окуп башташкан. Андан кийин мониторинг жүргүзүлүп дагы бир тобу салттуу режимге өткөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Баткен облусунда учурда 213 мектеп салттуу режимде окуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун айтымына таянып Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, 10-ноябрдан тарта аталган аймакта 173 билим берүү мекемеси ачылып, балдар мектепке барып окуп башташкан.

"Эки жумалык мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин 1-декабрда жалпы 213 мектеп иштеп баштады. Анда 42 856 бала билим алууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдан улам айрым мектептер окуусун дагы эле онлайн режимде улантууда. Анын ичинде Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелери дагы бар. Буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев ордо калаадагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0